Кытай жараны Каракол капчыгайында жоголуп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Каракол капчыгайында сейилдеп жүрүп жоголуп кеткен Кытай жаранын эки күндөн бери издеп жатышат.

Кытайлык жаран Жау Чу Ю Караколго жакын жердеги капчыгайда сейилдеп жүргөндө жоголуп кетти, бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам кызматынын жетекчиси Мухамбет Суваров котормочу кызга шилтеме жасап билдирди.

Кытай жарандарынан турган эс алуучулардын тобу сейилдөө учурунда экиге бөлүнүп, белгиленген жерден жолугушууну чечишкен — төрт чет элдиктин бири Жау Чу Ю жоголуп кетти, деп жазылган ӨКМдин сайтында.

«Алар туш тарапка кетишкен жана бирөөсү убагында белгиленген жерге келбей, жоголуп кеткен», — деди Суваров.

Жоголгон кытайлык жаранды капчыгайда эки күндөн бери издеп жатышат.

Бул тууралуу кабарлаган котормочу түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Буга окшош окуя июнда Токтогул суу сактагычында жоголуп кеткен орусиялык Виталий Якупцев менен болгон — аны жергиликтүү малчылар 5 күндөн кийин табышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Таалай Суусунбаев билдиргендей, Якупцев жапайы жер-жемиштер менен тамактангандыктан гана тирүү калган.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: bmg12060