Чоң-Алай: «Ден соолукка зыян келтиргендиктен» жашоочулар алтын өндүргөн заводду өрттөйбүз деп жатышат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан кытай алтын өндүрүүчү заводу жергиликтүү жашоочулардын ден соолуктарына зыян келтирип жатат, деп билдиришти митингке чыккан жарандар. Алар ошондой эле 15-августка чейин ишин токтотпосо заводду өрттөй тургандыктарын айтышты. Жергиликтүү бийлик болсо ишкана жашоочулардын «кызыкчылыгы үчүн» иштеп жатат деп эсептейт.

«Азия Голд Интерпрайзерс» компаниясы бир жылдык тыныгуудан кийин өз ишин кайра баштады — бул жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыктарын жаратты, алар эгер ишкана 15-августка чейин өз ишин токтотпосо аны өрттөп сала тургандыктарын убадалашты.

«Максатыбыз — күлү гана калгандай кылып өрттөө. Бийлик менен укук коргоо органдары элди убактылуу сооротуп жатышат. Эртең чечилет», — деди «Клоопко»нааразы болгон элди колдоп жаткан райондук администрациянын жаштар канатынын төрагасы Алтымыш Акимов.

Заводдун калдыктарын Чоң-Алай районунда эл иче турган дарыянын суусуна ташташат, дейт нааразычылык акциясына чыккандардын лидери Нурбек Тагаев.

«Эгер алар  [компания] кетишпесе, биз кайра чыгабыз. Алар таштарды жардырып жатышат, бардыгы сууга түшүп жатат. Жергиликтүү бийлик деле мунун баарын көрүп жатат, бирок аларга баары бир», — деп даттанды Тагаев.

Анын айтымында, кытай алтын өндүрүүчүлөрү Чоң-Алай районунан үч күндүн ичинде кетүүгө убада беришкен.

Компания болсо түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

Чоң-Алай районунун акими Азиз Ашыралиев өкмөттүк комиссия текшерүү жүргүзүп, алтын өндүрүүчү компаниянын зыяндуулугун аныктаган эмес деп, ишендирүүгө аракет кылды.

«Кумду, сууну, абаны — бардыгын текшеришти, зыян жок. Иштей беришсин, пайда алып келишет да. Бул биздин инвесторлордун бири. Ал эмес компания иштебей турганда да салык төлөгөн», — деди Ашыралиев.

«Азия Голд Интерпрайзерске» каршы нааразычылык акциясы эки жылдан бери уланып келет — жергиликтүү жашоочулардын митингке чыгууларынан улам компания бир жылга өз ишин токтоткон.

Парламент Кыргызстандан 3,5 тонна кенди «мыйзамсыз» алып чыккандыгы жана алтын, күмүш жана жездин көлөмүн жашыргандыгы үчүн компаниянын кен казууга болгон лицензиясын 2012-жылдын апрелинде чакырып алган.

Автор: Кадича Рыскулова

Редакторлор: Айзат Шакиева жана Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков