Прокуратура депутат Бакир уулунун баласын «сабагандыктары» үчүн милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду

Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы депутат Турсунбай Бакир уулунун баласы Канатбек Бакировду «кыйноого алган» милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Өз кезегинде милиция кызматкерлери да Бакировду «сабаган» деп күнөөлөп жатышат — ИИМ бул факты боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат.

«Курал колдонуу менен кызмат абалынан пайдалангандыгы» үчүн Кызыл-Кыя шаарынын эки жол көзөмөлдөө кызматкерине карата кылмыш иши козголду — Бакиров 12-августта милиция кызматкерлерин «кыйноого алган» деп күнөөлөгөн.

Өз кезегинде Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлерин «сабаган» деп, депутаттын уулун күнөөлөп жатат – мекеменин маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери Бакировдун унаасы издөөдө жүрөт деген шек менен анын документтерин текшерүүгө аракет кылышканда ал каршылык көрсөтүп, аларды «сабаган».

Министрлик милиция кызматкерлерин депутаттын уулу «сабаган» деп айткан Кызыл-Кыя ШИИБнин башчысы Мурат Тогуззаковдун сөзүнө шилтеме жасап жатат.

Азырынча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары жок  – анын жыйынтыгы боюнча, милиция кызматкерлерин сабаган деген факт боюнча кылмыш ишин козгош керекпи, жокпу белгилүү болот.

Депутаттын уулунун кармалышы

Бакировду милиция кызматкерлери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 11-августтан 12-августка караган түнү кармашкан.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, милиция кызматкерлери ориентировка боюнча иштешкен — ага «окшош» унаага издөө жарыяланган.

ИИМдин версиясы боюнча, милиция кызматкерлери Бакировдун документин текшергенге аракет кылышкан, бирок ал каршылык көрсөтүп, аларды «сабаган».

Андан кийин ШИИБнин кызматкерлери аны кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Бакир уулу өзүнүн баласын жактап жатат, анын версиясы боюнча милиция кызматкерлери Бакировду «кыйноого алып», «тоноп» кетишкен.

«Баткендин начар жолдорунан анын унаасы бузулуп калган. Ошол жерден 4 милиция кызматкери келип, аны сабап салышкан. Унаадан ири көлөмдөгү акчаны алышкан, өзүн болсо милиция бөлүмүнө алып барышып, башына баштык кийгизип кыйнашкан», — деп жазат Бакир уулу өзүнүн «Твиттердеги» баракчасында.

ИИМдин басма сөз кызматы парламентарийдин милиция кызматкерлеринин дарегине карата айткан бул күнөөлөөлөрүн четке кагып жатат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков