Сот парламентти депутаттардын маяналары жөнүндөгү маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирди

Бишкек райондор аралык соту парламентти депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирди. Парламент бул чечим боюнча жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылабы, жокпу азырынча белгисиз.  

Укук коргоочу «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» парламентке каршы сот териштирүүсүн утуп алды — сот депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирди.

Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмү соттун бул чечими боюнча даттануу арызын береби азырынча белгисиз.

Укук коргоочулар 2012-жылдын январында парламенттен депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматты сурашкан, бирок мыйзам менен бекитилген эки жумалык мөөнөткө чейин күтпөстөн, маалымат берүүдөн баш тарткандыгы үчүн деп, парламентке карата Бишкек райондор аралык сотуна доо арызы менен кайрылышкан.

Жогорку Кеңеш сурамга сот жыйынына бир күн калганда, 2-майда жооп берген, мындан улам сот ишти жабуу чечимин чыгарган.

«Коалициянын» юристи Азамат Адилов депутаттардын айлык маяналары салык төлөөчүлөрдүн акчасынан төлөнүп жаткандыктан, коомчулуктун эл өкүлү канча ала тургандыгын билүүгө укугу бар, деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын өкүлү Эрнис Бабиев бул маалымат кызматтык колдонуу үчүн гана арналгандыгын жана парламент аны ачыкка чыгара албастыгын айтты.

Укук коргоочулар «маалымат берүү жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыгы үчүн деп парламентке карата жаңы доо арыз жазышкан.

Депутаттардын айлык маяналары

«Республика» фракциясынан депутат Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин аппараты парламентарийлердин айлык маяналары тууралуу маалыматты эмне үчүн жашырып жаткандыгын баамдай албай турат — ал айына кошумча акыны эсепке алганда 30 миң сом алат.

«Биздин айлык маянабыз — жашыруун эмес», — деп эсептейт эл өкүлү.

Ирина Карамушкина өзүнүн кесиптеши менен бир пикирде. Ал айлыгы аткарган жумушуна жараша 28-30 миң сомду түзөөрүн айтты.

«Ата-Журттун» депутаты Роман Шин айлык маянасы «жашыруун» эместигин билдирди — айтымында, ал айына 39-40 миң сом табат.

«Ар-намысчы» Турсунбай Бакир уулу укук коргоочулардын пикири менен макул – ал дагы депутаттардын айлыктары тууралуу маалыматы берүүдөн баш тартуу  — маалымат алуу жөнүдөгү мыйзамдын бузулушу деп эсептейт.

Парламентарий канча алгандыгы эсинде жок экендигин билдирип, өзүнүн айлыгынын так суммасын айта алган жок.

Автор: Александра Ли

Которгон:Илгиз Чалбараков