Суталиновду тергөө абагынан үй камагына которуулары мүмкүн

УКМКнын мурунку башчысынын жактоочусу Мурат Суталиновдун башкоргоо чарасын камактан үй камагына өзгөртүүнү суранып жатат. Суталинов учурда Улуттук онкология борборунда дарыланууда. Ал 2010-жылдагы апрель революциясы учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат.

Суталиновдун жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев, УКМКнын мурунку төрагасы дарыланып жаткан Улуттук онкология борборундагы куралчан опер кызматкерлери ага «стресстик кысым» көрсөтүп жатат, деп эсептейт.

«Анын тез арада айыгып кетүүсү үчүн үйдөгү шарттарга жакыныраак болгон тиешелүү шарттарды түзүп бериш керек», — деп сунуштады жактоочу.

Ташбалтаевдин айтымында, Суталинов 7-апрель окуялары боюнча сотко катышкысы келип атат, бирок ага ден соолугу мүмкүндүк бербей жатат — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасынын оң бөйрөгүндө рагы бар.

Болжолдуу түрдө Суталиновдун толук дарылануусу 2013-жылдын июлунда аяктайт — атайын кызматтын мурунку башчысынын абалы жакшы болоор менен аны УКМКнын тергөө абагына которуулары керек, дейт жактоочу.

Аскердик соттун канцелярия бөлүмү Суталиновдун жактоочусунун суранычын алгандыктарын ырасташты — канцеляриядан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, алар жактоочунун суранычын андан ары жогорку сотко жиберишкен.

Мурат Суталинов Курманбек Бакиевдин президенттигинин учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турган. Ал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кызматынан кеткен.

Ал 80 киши каза болгон 2010-жылдагы апрель революциясы учурунда элге ок атуу буйругун берген, деп күнөөлөнүп жатат.

Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Суталинов бир канча убакыт атайын кызматтагылардан жашырынып жүргөн — ага 2010-жылдын апрелинин ортосунда издөө жарыялашкан.

Бирок, бир жарым жылдан кийин ал Кыргызстанга кайтып келген — Суталинов 2011-жылдын декабрынын ортосунда соттун жыйынына кирип келген.

Сотто ага башкоргоо чарасы катары УКМКнын тергөө абагына камоо чечими чыгарылган.

Автор: Карина Жолдошева

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды