Укук коргоочулар бааракыны кыскартууга каршы кол топтоп жатышат

Каржы министри Акылбек Жапаровдун улгайган адамдардын бааракысын кыскартуу боюнча сунушу укук коргоочулардын арасында сын пикирлерди жаратты — 30дан ашык уюм социалдык төлөмдөрдүн кыскаруусуна каршы кол топтоп башташты. Каржы министрлигинен бул сунуш иштеп, ошол эле маалда 10 миң сомдон ашык бааракы алып жаткан адамдарга гана тийешелүү болоорун айтып, түшүндүрүштү.

Каржы министри Акылбек Жапаров августтун башында бааракыларды эки эсе кыскартууну сунуштаган — укук коргоочулар чиновниктин бул сунушуна каршы чыгып, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жазышкан.

Пенсия курагына чыккандан кийин социалдык төлөмдөр «нормалдуу» жашоо үчүн жетпегендиктен бааргерлер иштөөгө мажбур болуп жатышат, деп эсептейт укук коргоочулар.

«Бааргерлер жакырчылыктын чегинде жашашат», – деп жазылган алардын укук коргоочу «Голос свободы» уюмунун сайтына басылып чыккан билдирүүсүндө.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, Кыргызстанда орточо бааракы 4 миң сомду түзөт.

Жапаровдун социалдык төлөмдөрдү эки эсеге кыскартуу боюнча сунушу мамлекеттен айына 10 миң алып иштеп жаткан бааргерлерге гана тиешелүү болот, деп түшүндүрдү Каржы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын жетекчиси Аида Абарбекова.

Мекеменин басма сөз кызматы министр бааракыларды кыскартууну мамлекеттик чыгымдарды азайтуу үчүн сунуштагандыгын билдиришти.

Жапаровдун бул сунушу өкмөт менен парламентте талкуулана элек.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов кол топтоо маселеси боюнча Каржы министрлигине кайрылууну өтүндү.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков