Чек аралар жабык болгондуктан ооган кыргыздарына гуманитардык жардам жөнөтүү дагы жылдырылды

Хорогдогу кагылышуудан бери ооган-тажик чек арасы жабык тургандыктан Кыргызстан Ооганстандын Памир тоосунда жашаган этникалык кыргыздарга азык-түлүк жөнөтүүнү кайра кийинкиге калтырды.

Өкмөт ооган-тажик чек арасынын ачылганын күтүп, памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүүнү 15-сентябрга чейин жылдырды.

«Азырынча жүк жөнөтүлө элек. Тажикстан менен Ооганстандын  чек арасы ачыла элек деп жатышат, ошондуктан дагы деле күтүп атабыз», — деди кыргыз өкмөтү менен биргеликте Ооганстанга азык-түлүк жеткирүү менен алектенген «Кыргыз бутагы» фондунун директору Гүлзат Болотова.

Хорогдогу кагылышуулар 7-августта да Кыргызстандан гуманитардык жардам жиберүүгө тоскоолдук кылган — анда жүктү жөнөтүү бир жумага жылдырылган.

Ооганстанга жөнөтүлө турган гуманитардык жардамдын ичинде ун, туз, самын, тамеки, оюнчуктар жана жылуу кийим-кечектер бар.

Ошонжой эле Памирге дарыгерлер менен мугалимдер жиберилет — алардын Ооганстанда жарым жылдай жашоосу пландалып жатат.

«Жардамга муктаж»

«МК Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов Хорогдогу кагылышка чейин ооган кыргыздарынын жашоосу менен таанышып келген — журналист Тажикстан менен Ооганстан чек арасынан үч күн өтө албай турган, бирок кийинчерээк кыргыз бийлигинин жардамы менен өткөн.

Бабакулов Кичи жана Чоң Памирдин тоолуу капчыгайларында жашаган кыргыздар эмне үчүн гуманитарлык жардамга муктаж экендигин түшүндүрдү — анын байкоосунда, община байланыштан ажыраган, апийим колдонот жана үй-бүлөө курууда кан аралаштырууну практикалайт.

Этникалык кыргыздар азыркы Тажикстан менен Ооганстандын аймагында жайгашкан Памир тоолоруна 17-18-кылымдарда отурукташып калган.

Памирлик кыргыздар көчмөн мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Хорогдогу кагылышуулар

Таджикистан Ооганстан менен болгон чек арасын июлдун аягында, Хорогдогу кагылышуу учурунда жапкан.

Тажик бийлигинин версиясы боюнча, «тамекиден жасалган заттарды аткезчилик менен ташыган топ» атайын кызматтын генерал-майору Абдулло Назаровдун өлүмүнө тиешеси бар болгон — тажик бийлиги «аткезчилер» жашырынып жатат деп эсептеген Хорогко өкмөттүк аскерлер эки жолу чабуул жасаган.

Би-Би-Си күбөлөргө шилтеме жасап, кагылышуу болуп жаткан учурда шаардан жергиликтүү жашоочулар качып жаткандыгын билдирген.

«Адамдар коопсузураак жерлерге качып, балдарын башка облус-райондорго жиберип жатышат. Кээ бир маалыматтар боюнча, өлкө ичинде бир жерден экинчи жерге көчкөндөр жүздөп саналат», — деп жазган Би-Би-Си.

Расмий түрдө 42 адам өлдү деген билдирүүлөр бар, ал эми расмий эмес булактар 100дөн ашык адам каза болгондугун айтып жатышат.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Улугбек Бабакулов