«Чириген түтүктөр» Чүй облусунун төрт айылын үзгүлтүктүү суусуз калтырды

Чүй облусунун Москва, Ысык-Ата, Сокулук райондорунун жана Бишкек шаарынын Ленин районунун бир катар айылдарында «чирип кеткен түтүктөрдөн» жана электрэнергиясындагы көйгөйлөрдөн улам суу берүүдө мүчүлүштүктөр пайда болуп, жашоочулар кыйналып жатышат, деп билдиришти Беловодский райондор аралык суу жана жылуулук менен камсыз кылуу ишканасы. Жашоочулар суунун жоктугун жана акырын агып жаткандыгын айтып даттанышууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодский, Ысык-Ата районундагы Новопокровка, Сокулук районундагы Сокулук айылдарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чоң-Арык айылынын жашоочулары суу менен камсыз кылуудагы көйгөйлөрдөн улам жапа чегип жатышат.

Аталган айылдарды суу менен камсыз кыла турган Беловодский райондор аралык ишканасынан билдиришкендей, суу берүүдөгү мүчүлүштүктөрдүн болушуна турак үйлөрдөгү «чирип кеткен түтүктөр» менен электр энергиясынын «дайыма» өчүрүлүп туруусу себеп болгон.

Өзүн Салтанат деп тааныштырган ишкананын кызматкери аталган айылдын жашоочулары 2012-жылдын жай айларынын башталышынан бери таза суусуз жашап жаткандыктарын айтты.

Москва районунун электр тармактарынан электр жарыгы өчүрүлүп турат деген маалыматты четке кагып, суу менен камсыз кыла турган Беловодский ишканасы элди «адаштыргысы келип жатат» деди.

Чоң-Арык айылынын жашоочусу Данияр суу үч жумадан бери өтө эле акырын агып жаткандыгын айтты.

«Клоопко» Сокулук айылынын жашоочусу Шадия Матанью суу акырын агып, түнкүсүн болсо такыр эле өчүп калып жаткандыгын билдирип, ал дагы үйлөрдөгү «чирип кеткен түтүктөрдүн» көйгөйүн айтты.

Чоң-Арык айылынын жашоочусу Болот анын айылында 20 жылдан бери түтүктөр алмаштырыла электигин айтты.

Популярдуу «Дизель» форумунун колдонуучулары да аталган айылдарда суу берүүдө мүчүлүштүктөр бар экендигин жазып жатышат.

«Новопокровка айылында суу көйгөйү бар. Түн ичинде дайыма өчүрүшөт, күндүз болсо басымы жок, акырын гана агат», — деп жазат Balym деген колдонуучу.

«Дизелдин» Alexandr007 атуу колдонуучусу Беловодский айылында «көптөн бери» суу мүчүлүштүгү бар деп жазат. Ал ошондой эле жашоочулар бул боюнча «тийиштүү органдарга» бир нече жолу кайрылышкандыгын, бирок көйгөй «ошол бойдон гана» калып жаткандыгын жазган.

Бишкектин түштүк-батышындагы суу көйгөйлөрү

Буга чейин Бишкектин түштүк-батыш тарабына ысык суу берүүдө көйгөйлөр болгон. Жал кичи районунда ысык суу өчүрүлүп, жашоочуларга эки ай бою жылуу суусу жок жашоого туура келген.

Бишкек жылуулук берүү ишканасынан маалыматы боюнча, ысык суунун өчүрүлүүсүнө жашоочулардын 4 миллион сомдон ашык карызы себеп болгон.

Июлдун ортосуна жакын Жал кичи районуна ысык суу берүү калыбына келтирилген. Бирок Бишкек травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун аймагына, Орто-Сай айылына жана Совмин шаарчасына ысык суу дагы деле бериле элек.

Авторлор: Бегайым Акбарова жана Шахида Дүйшеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков