Орусиядан мигранттар тарабынан ташталган балдарды алып келүү жылдырылды

Мигранттар тарабынан ташталган алты баланы Орусиядан Бишкекке алып келүү 15-августка пландалган, бирок алардын экөөсүнүн денелеринин «температуралары жогору» болгондуктан жеткирүүнү жылдыра турууга туура келди. Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Орусияда өкмөт тарабынан тарыхый мекенине алып келүү пландалып жаткан дагы 15 жаңы төрөлгөн ымыркай бар.

Балдардын Москвадан учуп келүүсү 16-августка жылдырылды, деп жазган Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Эдил Байсалов өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына.

Учууну жылдырууга «жогорку температура» себеп болду — балдарды кароо үчүн Москвага жиберилген кыргыз дарыгерлери 15-августта учпай эле коюууну сунушташты, дейт Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Гуманитардык жардам жана маалыматтык эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чолпон Мамбетаипова.

Оору тууралуу мындан кененирээк кабар жок.

«Аларды Кыргызстандагы балдар үйүнө жайгаштырышат, ал жерден дарыгерлер карашат», — дейт Мамбетаипова.

Алгач, Кыргызстанга жети баланы жөнөтүү пландалган, бирок алардын бирөөнүн өпкөсүнө суук тийип ооруп калгандыктан Орусияда кылды. Азыр дарыгерлер анын ден соолугуна кам көрүп жатышат, дейт министрликтин өкүлү.

2012-жылдын июль айында Орусияда кыргыз мигранттары тарабынан ташталган балдарды тарыхый мекенине алып келүү үчүн өкмөт 1 миллион сом бөлгөн.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, ал жерде Орусия бийлиги Кыргызстанга жөнөтүүгө ниеттенип жаткан дагы 15 жаңы төрөлгөн бала бар.

Автор: Шахида Дүйшеева

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды.

Сүрөттө Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 2012-жылдын апрелинде Орусиядан Кыргызстанга алынып келинген балдар