Ош облусу: мектептерди курууга каражат жоктугунан жаңы окуу жылында 900 окуучу чатырларда окушат

Ош облустук билим берүү бөлүмүнүн маалыматында, Кара-Суу, Ноокат, Чоң-Алай районунун айылдарында сегиз мектеп жараксыз абалга келгендиктен, окуучулар чатырларда жана жеке менчик үйлөрдө билим алууга аргасыз. Облустук администрация жаңы мектеп салынбаганын каражаттын жоктугу менен түшүндүрөт.

Бул мектептер эскилиги жетекендигинен жана табигый кырсыктардан улам өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын текшерүүсү менен жараксыз деп табылган.

Эми балдардын окуу жайы «чатырлар жана кароосуз калган жеке үйлөр» болуп калганын Ош облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнара Мамаева билдирди.

Айрым айылдарда курулуш иштери башталганы менен каражат жоктугунан быйыл бүтүрүүгө мүмкүн эместигин кошумчалады.

«Ушул мектептер быйылкы окуу жылында бүтпөйт [...]. Алты мектепке чатыр даярдалып жатат. Экөөнө үйлөрдү ижарага алып жатабыз»,—дейт Мамаева.

Кара-Суу Панфилов атындагы орто мектебинин директору Каримбек Абдуллаевдин айтымында, селден улам мектептин беш бөлмөсү гана жарактуу калган. 640 окуучу ушул бөлмөлөрдө жана кошумча эки чатырларда аргасыз окушат.

«25 класс бар өзү 26 болчу, бирөөнү аргасыздан кыскартык. Балдардын ата-энелери келип биз кантип чатырда окутабыз, быйыл кыш оор болот деп жатат. Андай болсо кандай болот ден-соолуктары кандай болот деп айтып жатышат»,—деди Абдуллаев.

Азыр жаңы мектептин фундаменти гана курулган.

Ушундай эле көрүнүш Чоң-Алай районунда да кездешет. Мектеп эки жыл мурун эскилигинен жараксыз калган. Окуучулар ошол убакыттан бери кароосуз үйлөрдө окушууда.

Учурда 320 орунду мектептин фундаментин куруу иштерин жүргүзүүдө деп билдирди Чоң-Алай районунун акими Азиз Ашыралиев.

«Эртерек бүткөнгө аракетин жасап жатышат усталар. Эгер бүтпөй калса баягы кейпибизге дагы түшөбүз»,—деп айтты Ашыралиев.

Автор: Айпери Көбөнөва