Түлеев УКМКнын тергөө абагынан үй камагына чыгарылды

Жогорку сот депутат Нариман Түлеевдин УКМКнын тергөө абагына камоо боюнча башкоргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Бир жарым айдан бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагында камакта жаткан Нариман Түлеев Жогорку сот тарабынан үй камагына чыгарылды.

Азырынча Жогорку сот башкоргоо чарасынын өзгөргөндүгү тууралуу расмий негиздемени угуза элек.

Депутаттын жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаевдин пикиринде, соттук коллегия Түлеевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жетишээрлик негиз таппагандыктан, анын башкоргоо чарасын өзгөрттү.

«Менин болжолумда, сот Түлеевдин Кыргызстанга өз эрки менен келгендигин эске алды. Экинчиден, алар жазыксыздык жоромол принцибин колдонмо кылышкан», — дейт Ташбалтаев.

Аталган чечим акыркы чечим болуп саналат жана ал боюнча даттанууга болбойт.

Башкы прокуратура Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат Бишкек шаарынын мэри болуп турган 2008-2010-жылдар аралыгында коррупциялык иштерге барган деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Мурунку мэрдин өзү коюлган күнөөнү моюнуна албай, автобустарды базар баасынан арзан сатып алгандыгын айтып жатат.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин мурунку шаар башчысына карата кылмыш иши козголгон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайлангандан кийин кылмыш иши жабылган.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков