Чоң-Алай: жашоочулар «ден соолукка» зыян деп жаткан алтын өндүрүүчү заводдун иштетүүсүнө макул болушту

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун тургундары, кытай алтын заводду 15-августка чейин өз ишин токтотпосо, аны өрттөп сала тургандыктарын убадалашкан.Кечээ Ош облусунун губернаторунун орун басары менен болгон жолугушуудан кийин жергиликтүү эл заводдун кайрадан иштөөсүнө макулдугун берди.

Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалайбек Зикиров чоң-алайлыктар менен болгон жыйында кытай алтын өндүрүүчү «Азия Голд Интерпрайзерс» компаниясын иштерине каршылык көрсөткөн адамдар болгон жок деп маалымдады.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары эгер компания экологиялык тазалыкты сакташса, кирешесин эл менен бөлүшсө анда гана кытай заводунун иштешине тоскоолдук кылбайбыз дешти.

Кытайлыктардын салыктарды төлөөөсүн тескөөгө алуу үчүн жергиликтүү жашоочулар "Өнүктүрүү" фондун түзүштү. Алардын айтымында, түшкөн каражаттарды айылды өнүктүрүү үчүн колодонулат.

Райондук администрациянын жаштар комитетинин төрагасы Алтымыш Акимовдун айтуусунда, эгер талаптар аткарылбаса эл кайра көтөрүлөт.

«Мамлекеттик стандарттарга туура келсе, анан ишин башташат. Ага чейин убактылуу токтоп турушат[...]. Жыйынтыктын күтөбүз, Кыргызстанга кандай пайдасы бар? Эгер жыйынтык жакшы болбосо митингди улантабыз»,—деп айтты Акимов.

Чоң-Алайдын жашоочулары буга чейин үч күн алтын өндүрүүчү заводдун иштетүүсүнө каршы болуп митингге чыгышкан. Анда алар заводдун кызматкерлери таштандыларды сууга ташташат, ден соолукка зыян деп нараазы болушкан.

Кытай алтын өндүрүүчүлөрү 12-август элдин нааразычылык акциясынан Чоң-Алай районунан үч күндүн ичинде кетүүгө убада беришкен.

Кытайлык тарап менен байланышуу мүмкүн болбоду.

Парламент «Азия Голд Интерпрайзерс» компаниясы Кыргызстандан 3,5 тонна кенди «мыйзамсыз» алып чыккандыгы жана алтын, күмүш жана жездин көлөмүн жашыргандыгы үчүн компаниянын кен казууга болгон лицензиясын 2012-жылдын апрелинде чакырып алган.

Редактор: Айзат Шакиева