Милиция Түлеевдин «тууганына» берилген жердин мыйзамдуулугун текшерип жатат

Ички иштер министрлиги 2009-жылы депутат Нариман Түлеевдин «тууганына» жер тилкелери бөлүнүп берилгендигин аныктап, анын мыйзамдуулугун текшерип жатат. Түлеевдин жардамчысы кайсы тууганы жөнүндө сөз болуп жаткандыгын түшүнбөй, таң калып жатат.

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү башкы башкармалыгы Түлеевдин жакын «тууганы» 2009-жылы Бишкектин түштүк тарабынан бир нече жер тилкесин алгандыгын аныктаган.

Мекеме Түлеев мэр болуп турганда анын «тууганы» тарабынан жер тилкесинин алынышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү чечкен.

«Бул жер тилкелеринин бири эбегейсиз чоң каражат турат деп айтып жатышат», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Эрнис Осмонбаев.

Ал тууганы деп айтылып жаткан аялдын Түлеевке ким болоорун, ошондой эле ага канча жер бөлүнүп берилгендигин тактап айткан жок.

Мурунку шаар башчысынын жардамчысы Ахан Бакаев текшерүүлөр жөнүндө массалык маалымат каражаттарынан уккандыгын жана кайсы «тууганы» тууралуу сөз болуп жаткандыгын түшүнбөй жаткандыгын айтты.

Бакаев бул текшерүүлөрдү 15-августтагы Түлеевдин УКМКнын тергөө абагынан кое берилиши менен байланыштырууда — депутат Бишкек шаарынын мэри болуп турганда «коррупциялык иштерге барган» деп күнөөлөнүп жатат.

«Түлеевди кое берип жаткандыктан алар [ИИМ] маалыматтык талааны кандайдыр бир сенсация менен толтурууну чечишкен, биз ал сенсация апыртма болуп чыгарына ишенебиз», — дейт Бакаев.

“Клооп” ИИМ тарабынан айтылып жаткан тууганынын чын эле бар экендигин тактай алган жок.

Бийлик 2009-жылы Бишкектин түштүк тарабынан үй курууга 26 жер тилкесин бөлүп берген.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Мурунку шаар башчысы болсо күнөөсүн моюнуна албай, автобустарды базар баасынан төмөнкү баада сатып алгандыгын айтып жатат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков