Сот Садыркуловго манжа менен кулак жиберген адамдын тагдырын чечип жатат

17-августта Кыргызстандын Аскердик соту президент Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловго кесилген манжа менен кулакты жиберүү боюнча ишти карайт. Садыркулов бул окуядан бир жыл өткөн соң каза болгон.

Садыркуловго кесилген кулак менен манжаны жиберүү иши боюнча 2007-жылдын декабрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн опер кызматкери болуп иштеген Тынычбек Маматов шектүү катары өтүп жатат.

Сотто Маматовдун жактоочусу «мөөнөтү өтүп, иш эскиргендиктен» ал жактоого алган адамдын ишин жабууну өтүндү.

Садыркуловдордун үй-бүлөсүнүн өкүлү Леонид Лужанский мамлекеттик күнөөлөөчүлөр менен бирге Мамтовдун ишин токтотууга каршы экендигин билдирди.

Аскердик соттун судьясы Марлен Тентимишев Маматовдун иши тууралуу чечимин 17-августта угузат.

Буга чейин 5-апрелде Маматовдун жактоочусу «кылмыштын курамы болгон эмес» деп эсептеп, жактоого алган адамын кое берүүнү суранган.

Маматов «кызмат абалынан ашыкча пайдалангандыгы» үчүн жазасын тарткан жана саясатчыга манжасы менен кулагы жиберилген үй-жайсыз адамды мазактоо боюнча жарым-жартылай күнөөсүн моюнуна алган.

Садыркуловдун иши

Садыркуловдун өлүмү тууралуу соттун кезектеги жыйыны 16-августта жабык эшик артында өттү, анткени «жашыруун» маалыматтар каралды. Анда ошондой эле Маматов боюнча маселе да козголду.

Жыйында кайсы маалыматтар каралгандыгын «Клооп» тактап биле алган жок — журналисттердин залга кирүүсүнө уруксат берилген эмес.

Садыркуловго кулак менен манжаны жиберүүгө ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев буйрук берген деп эсептелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, андан кийин Жаныш Бакиев 2009-жылдын мартындагы мүмкүн болгон Садыркуловду өлтүрүүнү уюштурган.

Өлөөрүнө эки ай калганда Садыркулов президент Бакиевдин аппарат жетекчилиги кызматынан кеткен жана анын досторунун көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле «Викиликс» сайтына басылып чыккан АКШнын Бишкектеги элчилиги менен болгон жазышууларына ылайык, ал мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландап жаткан.

Алгач, Садыркуловдун өлүмүнүн себеби катары унаа кырсыгы айтылып келген. Бирок 2010-жылы Бакиев кызматтан кеткен соң тергөө ишти кайра карап, саясатчы Жаныш Бакиевдин буйругу менен өлтүрүлгөн, ал эми унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган деген версияны айтып чыгышкан.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды