Жаңы кылмыш иши козголгондуктан Түлеев тергөө абагынан чыгарылган жок

Жогорку соттун үй камагына чыгаруу чечимине карабастан Бишкек шаарынын мурунку мэри жана депутат Нариман Түлеев УКМКнын тергөө абагынан чыгарылган жок. Жактоочусу бул саясатчыга карата козголгон жаңы кылмыш ишине байланыштуу дейт.

Мурунку мэр Нариман Түлеевдин жактоочуларынын бири Кубанычбек Ташбалтаев парламентарийге карата жаңы кылмыш иши козголгондуктан ал дагы деле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта экендигин билдирди.

Ташбалтаев бул иш боюнча маалыматтарды тактап айткан жок.

Экс-мэрдин дагы бир жактоочусу Султан Баратов жаңы кылмыш ишинин козголгондугун ырастап, бирок анын чоо-жайын билбестигин айтты.

Депутаттын уулу Бакыт Түлеев өзүнүн «Твиттер» микроблоггдук эккаунтунда экс-мэрди үй камагына кое берээрде  башкы прокуратура анын атасына карата эки кылмыш ишин козгогондугун жазган.

«Алар Жогорку соттон жеңилип калып дагы 2 кылмыш ишин козгошту. Эми бардыгы кайра башынан башталып, 48 сааттан кийин Биринчи май райондук соту болот» — деп жазган Бакыт Түлеев.

Жогорку сот Түлеевди үй камагына чыгаруу чечимин 16-августта чыгарган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын кызматкери Нурлан Токталиев Түлеевди тергөө абагынан чыгарууга Башкы прокуратура уруксат бербей жаткандыгын ырастады.

Башкы прокуратуратуранын басма сөз кызматынан жаңы кылмыш иши тууралуу так маалымат билбей тургандыктарын айтышып, бул боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берүүнү убадалашты.

Башкы прокуратура Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда кармашкан. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Мурунку шаар башчысы болсо күнөөсүн моюнуна албай, автобустарды базар баасынан төмөнкү баада сатып алгандыгын айтып жатат.

Мурунку шаар башчысына карата Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле  кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин кылмыш иши токтотулган.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков