Жогорку Нарын каскадынын курулушу ноябрда башталат

Кыргызстан менен Орусия «Камбарата-1» жана Нарын дарыясынын жогорку жагындагы дагы төрт ГЭСтин курулушу тууралуу макулдашышты. Акыркы макулдашууга сентябрдын ортосунда кол коюлат.

Биринчи болуп Нарын дарыясынын жогорку жагындагы гидроэлектростанциялардын каскадын куруп башташат — башталышы 1-ноябрга белгиленди, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Энергетика министрлиги Нарын дарыясындагы Ортоңку Нарын каскады кирген «Камбарата-1» ГЭСинин курулушу качан башталаарын билдирүүдөн баш тартты.

ГЭСтердин курулуштары тууралуу Орусия менен кыргыз тарап акыркы макулдашууга 15-сентябрга чейин кол коюуулары керек. Энергетика министрлиги курулуш иштеринин шарттары тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Тазабек» маалымат агенттигинде жазылгандай, Орусия Жогорку Нарын каскадынын курулушуна 450 миллион АКШ долларынан 500 миллион долларга чейин, ал эми «Камбарата-1дин» курулушуна — 2,5 миллиард АКШ долларын коротот.

Жогорку Нарын каскадына төрт гидроэлектростанция курушат — Ак-Булуң ГЭСи жана Нарын 1,2,3 ГЭСтерин.

«Камбарата-1» ГЭСи жана Жогорку Нарын каскадын куруу жөнүндө алты айдан бери сүйлөшүүлөр болуп келе жатат.

Орусиялык «Коммерсантъ» гезити 2012-жылдын апрелинде сүйлөшүүлөр «туңгуюкка кептелди» деп жазган. Анда Орусия станциялар ишке киргенден кийин активдердин 75 пайызын талап кылган.

Бул боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын премьер-министри Өмүрбек Бабановдун Москвага болгон иш сапары учурунда кайра калыбына келтирилген. Жолугушуу учурунда тараптар активдерди бөлүштүрүү жөнүндө сүйлөшүшүп, ар бир тарапка 50 пайыздан деп макулдашышкан, деп жазган «Коммерсантъ»

Курулуш иштери менен орусиялык «РусГидро» жана «ИнтерРАО ЕЭС» энергетикалык компаниялары алектенет.

«Инвесткафе» аналитикалык агенттиги жазгандай, ГЭСтер Кыргызстандын алдындагы салык милдеттенмелеринен толугу менен бошотулушу мүмкүн.

«Камбарата-1» ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу 1,6 гигаватты түзүп, курулушу жети жылга созулат. «Камбарата-1» менен Жогорку Нарын каскады Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоосун саатына 2,4 миллиард килловаттан 6 миллиард киловаттка чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Живой журналдагы” Дмитрия Василенконун жеке блогунан алынды