Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысын кызматынан бошотту

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эмил Алиевди кызматынан кетирди. Мекеменин жаңы башчысы болуп өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Айгүл Рыскулова дайындалды.

Эмил Алиевдин кызматтан кетирилишинин себеби азырынча белгисиз. Бул боюнча түшүндүрмө берүүгө өкмөттүн басма сөз кызматы жеткиликсиз болуп жатат.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев өзүнүн микроблоггдук «Твиттер» платформасындагы эккаунтунда жазгандай, Алиевдин кызматтан кетирилишине анын калк жайгашкан жерлерде кыймылдуу мүлктөрдү кайра каттоо үчүн «нормалдуу» шарттарды түзбөгөндүгү себеп болушу мүмкүн.

Өкмөт май айында кыймылдуу мүлктү кайра каттоо процедурасын жөнөкөйлөтүү жөнүндө билдирген — ага ылайык, баасы төмөндөп, процесс тездеши керек болчу.

Бирок эки айдан кийин унааларды кайра катоо процедралары жүргүзүлө турган экзамендик-катоо бөлүмдөрүндөгү көп сандаган кезек күтүүлөр ошол бойдон калган. Айдоочулар да кызмат үчүн баалар жазылган көрсөткүчтөр жок деп даттанышкан.

Анда премьер-министр өкмөттүн жыйынын өткөрүп, Катоо кызматынын башчысы Эмил Алиевге бир жуманын ичинде кайра каттоо процедурасын жөнөкөйлөтүү жана экзамендик-катоо бөлүмдөрүндөгү кызмат үчүн баалардын күрсөткүчүн орнотуу тапшырмасын берип, аткарылбаса кызматтан кетире тургандыгын айткан.

Бир айдан кийин Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы экзамендик-каттоо бөлүмүнө барганда андагы кезек күткөндөр «көп» боюнча калып, баалардын көрсөткүчү эч жерде жок болгон.

«Фракциялар аралык согуш»

Дастан Бекешевдин божомолунда, Алиевдин кызматтан кетишинин себептеринин бири «фракциялар аралык согуш» болушу мүмкүн.

«Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары августтун ортосунда өкмөттүн таркашы үчүн добуш беришкен, ал эми лидери Өмүрбек Бабанов болуп эсептелген «Республика» фракциясы бул демилгеге каршы чыккан.

Эмил Алиев «Ар-Намыс» фракциясынын сунушу менен 2011-жылдын декабрында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган — ал көптөгөн жылдардан бери партиянын саясий кеңешинин жетекчисинин орун басары болуп келген.

Алиевдин ордуна өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары жана мурунку социалдык өнүктүрүү министри Айгүл Рыскулова дайындалды.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт  Елена Скочилонун жеке блогунан алынды