Кыргызстан Орусияда паспорт үчүн наристе саткан кыздын жарандыгын тактап жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Самара шаарында Орусия паспорту үчүн өз баласын сатууга аракет кылган 17 жаштагы Саадат Тааназарованын жарандыгын тактоодо. Тааназарова Кыргызстандан баргандыгын айтып жатат. Ал бала сатууга күнөөлөнүүдө — кыз убактылуу кармоочу жайга камалган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтымында, Тааназарова өз көрсөтмөсүндө кыргызстандык экендигин айткан, бирок жанында эч кандай күбөлөндүрө турган документ болгон эмес.

«Кармалган кыздын айткандары боюнча бардык маалыматтар Самаранын укук коргоо органдары тарабынан жазылып алынган. Анын жанында айткандарын тастыктай турган документи болгон эмес. [...] Учурда аты-жөнүн жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешеси бардыгын тактоо иштери жүрүп жатат», — дейт Кадырбеков.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин экинчи катчысы Жаныбек Карымшаков кармалган кызга Кыргызстандын бийлиги жардам бере албастыгын билдирди – анткени азырынча анын жарандыгы аныктала элек.

«Өзү айткандай ал улуту боюнча өзбек. Азыр биздин жаранбы же жокпу так айта албайбыз. Азырынча анын ким экендиги да аныктала элек», — дейт катчы.

«Баланын статусу белгисиз»

Тааназарова сатууга аракет кылган төрт айылык наристе кыз учурда Самара шаарынын ооруканаларынын биринде.

«Азыр наристенин статусу белгисиз. Алардын мыйзамдары боюнча, эгер наристени камкордукка ала турган туугандары табылбаса ал дароо Орусия Федерациясынын жараны болуп калат», — дейт ТИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси.

Баланын тагдыры тергөөнүн жыйынтыгы боюнча чечилет, дейт Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин экинчи катчысы.

Убактылуу кармоочу жайга камалды

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен билдиришкендей, Тааназарованы бала сатууга күнөөлөп, убактылуу кармоочу жайга камашкан.

Бул иш боюнча иш алып барып жаткан Самара полициясынын тергөөчүсү Тааназарова убактылуу кармоочу жайга камалгандыгын ырастап, андан аркы түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун пресс-атташеси Азат Береналиев «Клоопко» берген маегинде Орусиядагы кыргыз дипломаттары азырынча Самара полициясы менен байланыша электигин билдирди — Тааназарова жардам сурап Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылган эмес.

Тааназарова орус полициясы тарабынан 14-августта кармалган — ал өзүнүн төрт айлык наристесин паспорт сатып алуу үчүн 35 миң рублга сатууга аракет кылган.

Наристени сатуу боюнча окуя Орусиянын «Вести-24» телеканалынын сюжетинде көрсөтүлгөн. Анда кызды атайын операциянын алкагында кармашкандыгы кабарланган — Самара шаарынын полициясы наристени сатып ала турган кардардын ролунда болушкан.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Игорь Кондратьев