Облустарды реформалоодон кийин губернаторлор өз орундарын сактап калышты

Өкмөт мурунку облустар - азыркы аймактарда өз ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоону баштады. Ысык-Көл, Талас, Нарын, Ош жана Баткен облустарынын губернаторлору өз кызмат орундарын сактап калышты — өкмөттүн Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү азырынча дайындала элек.

Административдик-территориалдык башкаруу реформасынын биринчи этабынан кийин беш облустун губернатору кызматтарынын аталышын аймактагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө алмаштырып, өз орундарында калышты.

Мурунку губернаторлор өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болушту:

  • Ысык-Көл аймагы — Мирбек Асанакунов
  • Талас аймагы — Койсун Курманалиева.
  • Нарын аймагы — Канатбек Муратбеков.
  • Ош аймагы — Сооронбай Жээнбеков
  • Баткен аймагы — Жеңиш Разаков

Жалал-Абад облусунун губернатору Азиз Турсунбаев менен Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкуловдор орундарында калабы азырынча белгисиз.

Өкмөттүн өкүлдөрү түздөн-түз премьер-министр менен байланышта болушат, деди өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Каназаров «24kg» маалымат агенттигине берген маегинде.

«Ал болсо [өкмөт башчысы] керек болгон маалыматтардын бардыгын түздөн-түз алып турат. Андан сырткары министрлер кабинетинин бардык буйруктары жер-жерлерге тез жетип ишке ашат. Көп тепкичтүүлүк менен бирин-бири кайталоо болбойт», — деп жазат «24kg» маалымат агенттиги Каназаровдун сөзүн кайталап.

Буга чейин райадминистрациялар губернаторлорго, а алар болсо өз кезегинде өкмөткө баш ийишчү.

Эми райондук органдар түздөн-түз министрлер кабинетине баш ийет, ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өкмөттүн буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.

«Аталышы гана өзгөрдү»

Саясат таануучу Марат Казакпаев губернатор менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн функциялары ар башка жана муну эски чиновниктер түшүнбөйт, деп эсептейт.

«Албетте, мен муну туура эмес деп эсептейм. [...] Губернатордукуна караганда ыйгарым укуктуу өкүлдүн маңызы такыр бөлөк. [...] Алар тактадагы жузуу менен аталышы гана өзгөргөндүгүн түшүнүп жатышат», — деди Казакпаев.

Башка саясий серепчи Марс Сариев өз кесиптешинин пикири менен макул болгон жок — ал бардык администрация башчыларына жаңы адамдарды дайындоо туруксуз абалдын түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

«Эгер буга чейин дайындалган губернаторлор алмаштырылса анда билесиңерби, туруксуз абал түзүлүшү мүмкүн. Анткени ал адамдардын жер-жерлерде таасири бар жана алар жөн гана унчукпай отуруп бербейт», — деп эсептейт Сариев.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков