Орусия авиабазасынын Канттагы жайгашуу мөөнөтү үч эсеге кыскарды

Кыргызстан менен Орусия Канттагы авиабаза тууралуу макулдашуунун шартын өзгөрттү — Орусиянын аскердик объектисинин Кыргызстандын аймагында жайгашуусунун мөөнөтү 49 жылдан 15 жылга кыскартылды.

Авиабазанын Кантта жайгашуусу тууралуу макулдашуулардын шарттары 14-15-август күндөрү Чолпон-Атада өткөн кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө өзгөртүлдү.

Журналисттерге жаңы шарттар тууралуу маалыматты президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары жана өлкө башчысынын кеңешчиси Сапар Исаков билдирди.

Макулдашуунун жаңы версиясына ылайык, Канттагы авиабаза Кыргызстандын аймагында 2032-жылга чейин жайгашат. Жаңы макулдашуу 2017-жылы күчүнө кирет.

«Буга чейин бул маселе 49 жылга узартуу жөнүндө болгон, Кыргызстан болсо принципиалдуу түрдө 15 жылдык мөөнөттү гана айтып туруп алган», — дейт Исаков.

Тараптар 2009-жылы кол коюлган макулдашуунун шарттын өзгөртүштү — анда кыргыз бийлиги авиабазанын ижарасын 49 жылга узартууга макул болгон.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-атташеси Виктор Харченко «Клоопко» берген маегинде билдиргендей, Орусия тарап авиабазадан сырткары дагы бир нече маселе боюнча макулдугун билдирип, эпке келген.

Харченко Орусиянын кыргыз тараптын шарттарына тез эле көнгөндүгүнө таң калгандыгын билдирип, андан аркы түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Авиабазанын жайгашуусу тууралуу жаңы макулдашуу 2017-жылы күчүнө кирет.

Исаковдун маалыматы боюнча, аскер объектилери үчүн болгон ижара акы ошол бойдон эле калат. Бирок эми коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү Орусия өзү төлөйт – буга чейин аларды кыргыз тарап жаап келген.

2011-жылдын декабрында Харченко орусия тарап 2010-жылдан бери ижара акысын курал-жарак менен төлөп баштагандыгын айткан.

Тараптар авиабаза тууралуу макулдашууларды кайра карап чыгуу тууралуу 2012-жылдын февралындагы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон иш сапарынан кийин айта башташкан.

Анда Атамбаев авиабазанын Кантта жайгашкандыгы үчүн орус тарап ижара акысын төлөбөй жаткандыгына нааразы болгон.

«База жөн гана орус генералитетинин намыскөйлүгүн сооротуп, ижара акысын төлөбөй, милдеттенмелерин аткарбай жатат. Мунун бизге эмне кереги бар?» — деп билдирген февралда Кыргызстандын президенти «Эхо Москвы» радиосунун эфиринде.

Канттагы Орусиянын авиабазасы 2003-жылы иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иштеп жатат.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков