Садыркуловго кесилген манжа менен кулак жиберген адам кое берилиши мүмкүн

Аскердик сот президент Бакиевдин мурунку аппарат жетекчиси Медет Садыркуловго кесилген дене мүчөлөрүн жиберген адамга карата козголгон ишин токтотуу чечимин чыгарды. Кылмыш ишин токтотууга мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги себеп болгон — окуя болгондон бери үч жылдан ашык убакыт өттү. Прокурорлор бул чечим боюнча даттануу ниетинде.

Аскердик соттун судьясы Марлен Тентимишев Садыркуловго кесилген кулак менен манжа жиберген деп күнөөлөнүп жаткан Тынычбек Маматовго карата кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарды. Саясатчы бул окуядан бир жыл өткөндөн кийин каза болгон.

Болжолдуу түрдө Маматов кесилген дене мүчөлөрүн Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевдин буйругу менен жиберген – акыркы жылдары Садыркулов менен Жаныш Бакиевдин мамилеси бир топ эле начарлаган.

Маматов «кызмат абалынан ашыкча пайдалангандыгы» үчүн жазасын тарткан, ал эми дене бөлүктөрү Садыркуловго жиберилген үй-жайсыз адамды мазактоо боюнча күнөөсүн моюнуна ала элек.

Мамлекеттик күнөөлөөчүлөр соттун бул чечими боюнча он күндүн ичинде даттануу арызын жиберишет.

Сотто Садыркуловдордун үй-бүлөсүнүн өкүлү Леонид Лужанский да Маматовдун кое берилишине каршы экендигин билдирди.

Буга чейин 5-апрелде Маматовдун жактоочусу «кылмыштын курамы болгон эмес» деп эсептеп, жактоого алган адамын кое берүүнү суранган.

Садыркуловдун өлүмү

Мурунку президент Бакиевдин аппаратынын жетекчиси кызматынан кеткенден көп өтпөй 2009-жылдын март айында каза болгон.

Алгачкы версияга ылайык, Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы кагышканда каза болгон, деп айтылып келген.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жоромолду билдиришкен.

Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти сот 2011-жылы карап баштаган.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков