Түлеев УКМКнын тергөө абагында дагы эки ай болот [20:58де жаңыланды]

Биринчи май райондук соту башкы прокуратура экинчи жолу “коррупцияга күнөөлөгөн депутат жана экс-мэр Нариман Түлеевди УКМКнын тергөө абагына 15-октябрга чейин калтырды. Жактоочулар бул чечим менен макул болбой, жогорку инстанциядагы сот органына беш күндүн ичинде даттануу ниетинде.

20:58 Биринчи май райондук соту депутат жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевди 15-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды. Жактоочулар бул чечим боюнча беш күн аралыгында даттануу ниетин билдиришти.

Коомдук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Түлеевди «мыйзамсыз» кармашты — аны кое бериш керек болчу, бирок судья процессуалдык нормаларды бузуп, жактоочулардын бардык өтүнүчтөрүн четке какты, дейт Үмөталиева.

20:04 Жыйындар залынан бир сааттан бери кабар жок. Бир саат бою сот имаратынын алдындагы Түлеевдин тарапташтары “Түлеевге эркиндик!” деп кыйкырып жатышты.

19:01 Судья жактоочулардын аны салуу суранычтарына макул болбой,  ишти улантууну чечти, деди Баратов

Анын айтымында, алар Ташбалтаев менен бирге прокурор менен судьяны алып таштоо боюнча дагы бир жолу кайрылышкан — мамлекеттик күнөөлөөчү депутаттык жактоочулары соттун жыйынын «создуктуруп» жатат деп, муну «кысым көрсөтүү» катары баалап жатышат.

Боромбаев кайрадан кеңешчү бөлмөгө кирип кетти.

18:17 Баратов соттун имаратынан чыгып журналисттерге билдиргендей, кесиптеши Ташбалтаев экөө депутаттын экинчи жолу кармалышынын мыйзамдуулугун карап жаткан судьяны алып салууну талап кылышкан.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев Түлеев жайдын аягына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болуусу керек деген чечим чыгарган. Ал ошондой эле Түлеевди биринчи жолу кармаганда Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин анын үйүнө кирип барууларын мыйзамдуу деп чечкен.

Баратов Боромбаевди — «кызыкдар» адам жана чечимдерди Түлеевдин пайдасына чыгарбайт деп эсептейт.

«Ал жалаң буйрутмаларды гана аткарат», — деп кыйкырды судьяны алып салууну талап кылгандыктарын уккандан кийин депутаттын тарапташтарынын бири.

Боромбаев кеңешчү бөлмөгө кирип кетти.

17:58 Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын тегерегинде жүргөн депутаттык тарапташтары түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

17:46 Соттун жыйыны жабык эшик артында өтүп жатат — массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн залга киргизишкен жок.

Курчоонун сыртында тургандыктан Түлеевдин туугандары түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

17:18 Түлеевди Биринчи май райондук сотунун имаратына алып келишти, ал унаадан колу аркасына байланган боюнча чыкты.

Имарат алдында чогулган эл «Нариман!» деп кыйкырып, кол чаап жатышат.

Соттун жыйыны башталды. «Клооптун» кабарчысынын санаганы боюнча тегеректеп турган милиция кызматкерлеринин саны эки эсеге көбөйүп кетти.

16:59 Биринчи май райондук сотунун имаратын 20 милиция кызматкери курчап турат, деп билдирди «Клооптун» кабарчысы Александра Ли.

Укук коргоо органдарынан сырткары имараттын жанында жарандык кийимчен 60-70 киши — мурунку шаар башчысынын туугандары жана тарапташтары жүрөт, дейт кабарчы.

Жыйын жарым саатка жылдырылды — азырынча Түлеевди сотко алып келише элек.

16:25 «Ата-Журт» фракциясынан депутат Талант Мамытов экс-мэрдин экинчи жолу кармалуусун «саясий куугунтук» деп эсептейт.

«Акыркы окуялардан улам анын [Түлеевдин кармалышы] көбүрөөк саясий мүнөзгө ээ экендиги аныкталып жатат. Албетте, эгер анын күнөөсү болсо ал жооп бериш керек, бирок анын мыйзам чегинде болуусу зарыл», — деп эсептейт Мамытов.

15:47 Түлеевдин дагы бир жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев депуттын дарегине айтылган жаңы күнөөлөөрлөрдү «ойдон чыгарылган» күнөөлөр деп эсептейт.

Сурактын жүрүшүндө Түлеевден эмне жөнүндө сурашкандыктарын айта албайм, дейт ал.

Ташбалтаев билдиргендей, мурунку шаар башчысы протоколдук документтерге кол коюп берген эмес — депутат июлда болгон биринчи суракта да ушундай кылган.

Жактоочу депутатты Жогорку соттун чечимине ылайык үй камагына чыгарууга жетишүү ниетинде.

15:22 УКМКнын кызматкерлери Түлеевди суракка алууну аяктады – ал үч жарым саатка созулду.

УКМКнын имаратынан чыгып келе жатып экс-мэрдин жактоочусу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Биринчи май райондук сотунун жыйыны 16:30да башталат. Анда Түлеев башкоргоо чарасы аныкталып, аны УКМКнын тергөө абагында калтыруу же үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынат.

14:25 УКМКда Түлеевди эки жарым сааттан бери суракка алып жатат. Бир аздан соң Бишкектин Биринчи май райондук соту Түлеевдин экинчи жолу кармалышынын мыйзамдуулугун карайт, деп билдирди депутаттык жактоочусу Султан Баратов.

Ал атайын кызматтын сурагы канча убакытка созуларын билбейт.

11:15 «Апрель байрагы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү журналисттер менен жолугушуу учурунда билдиришкендей, 15-августта депутатты үй камагына чыгаруу үчүн Жогорку соттун судьялары 150 миң АКШ долларын пара катары алышкан.

«Аны үй камагына кое берүү чечимин чыгарган судьялар депутаттын камактан чыгуусу үчүн аз эмес суммадагы акча алышкан деп эсептейбиз», — деп жазылган активисттердин пресс-релизинде.

«Апрель байрагы» бул айткандарына эч кандай далил келтирген жок.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан Түлеевди кое берүү чечимин чыгарган судьялар - Низамидин Азимжанов, Кадычахан Апаитова, Орозгул Сыдыковдор «бош эмес» жана коомдук бирикменин күнөө коюуулары тууралуу түшүндүрмө бере алышпайт деп билдиришти.

11:05 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурунку шаар башчысын саат 12:00до суракка алып баштайт, андан кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Түлеевдин кайра кармалышынын мыйзамдуулугун карайт, деп билдирди жактоосу Султан Баратов.

Ал атайын кызматтагылардын сурагы канча убакытка созула тургандыгын билбейт.

Башкы прокуратура Түлеевге карата Бишкек шаарынын мэри болуп тургандагы «коррупциялык иштери» боюнча жаңы кылмыш ишин козгоду — мекеме 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу унааны алып келүүдө шаар башчысы тарабынан «мыйзам бузулгандыгын» аныктаган.

Депутатка кылмыш ишин козгоонун демилгечиси көзөмөлдөөчү органдын башчысы Аида Салянова болгон.

Ал ошондой эле Түлеевди Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткан деп күнөөлөдү.

«Саясий жашыруун сыр жок»

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев экс-мэрге карата коюлган жаңы күнөөлөрдө «эч кандай саясий жашыруун сыр жок» деп эсептейт.

«Кыргызстанда саясий жашыруун сыр жок. Эл арасында ууру деп аталыган бардык коррупционерлер өзүн жана байлыктарын коргоо үчүн депутаттык орундарды сатып алышкан. [...] Түлеев биздин өлкөнүн экономикалык кубатына зыян келтирген», — деп эсептейт Какчекеев.

Башка саясий серепчи Марс Сариев Түлеевге карата жаңы кылмыш иши козголгон соң аны тергөө абагынан чыгарууга Башкы прокуратуранын уруксат бербергендигин мыйзам чегиндеги аракет деп эсептейт.

Мурунку шаар башчысынын биринчи кармалуусу

Башкы прокуратура биринчи иши боюнча Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Мурунку шаар башчысы болсо күнөөсүн моюнуна албай, автобустарды базар баасынан төмөнкү баада сатып алгандыгын айтып жатат.

Мурунку шаар башчысына карата Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле  кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин кылмыш иши токтотулган.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков