Минскиде Жаныш Бакиевге окшогон адамды сүрөткө тартып алышкан

Михаил Пашкевич аттуу белорустук активист Минсктеги кафелердин биринде мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Жанышка окшош адамды сүрөткө тартып алган. Жаныш Бакиев 2010-жылдын май айынан бери эл аралык издөөдө жүрөт.

Интернетте Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Жаныш Бакиевге окшогон адамдын сүрөтү 17-августта пайда болду — аларды белорусттук «Говори правду» аттуу жарандык компаниясынын активисти Михаил Пашкевич өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына жайгаштырган.

Активист «Клоопко» билдиргендей, ал Минск шаарындагы «Грюнвальд» деген кафенин жайкы аянтчасында отуруп Карл Маркс көчөсүнөн Кыргызстандын мурунку президентинин инисине окшогон адамды көргөн.

«Силердин жердештер көчөгө чыгып биздин маңдай жагыбызда туруп калышты. Минск шаарындагылар Бакиевдердин эки жылдан бери бул жакта экендигин билгендиктен ал окшош сыяктуу көрүндү», — деп жазат белорустук активист.

Жаныш Бакиев деп болжолдонуп жаткан адамдын жанында дагы эки киши болгон. Алардын ким экендиктери белгисиз.

Ошондой эле Пашкевич белорус чиновниктери Бакиевдердин өлкөдө жүргөндүгү тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жаткандыгын «Клоопко» билдирди.

«Калктын калган бөлүгүн болсо өлкөнүн качкын диктаторлордун таштандысына айланып бара жаткандыгы кубандырбай эле», — дейт «Говори правду» компаниясынын активисти.

«Клоопко» Белоруссиянын Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиевдин өлкөгө киргендигин ырастап берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандын фото-сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү жана «Photo.kg» сайтынын башкы редактору Владимир Ушаков интернетке жайгаштырылган сүрөттөр түпнускасы, жасалма эмес деп эсептейт.

Ушаков сүрөттөргө жарык кылганда кадрлар менен көлөкөлөрү даана көрүнүп жаткандыгын билдирди. Айтымында, аларды окшоштуруп жасоо өтө кыйын.

«Бул фотомантаж эмес, же өтө эле кыйын бир адис аракет кылган», — деп эсептейт Ушаков.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган Минск шаарынын үч жашоочусу сүрөттө чын эле Белоруссиянын борборундагы Карл Маркс көчөсү көрсөтүлгөндүгүн ырасташты.

Алардын биринин айтымында, сүрөттүн бирөөсүнүн арткы көрүнүшүндөгү курулуш тепкичтери бир ай мурун пайда болгон.

Жаныш Бакиев издөөдө

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ушул мезгилге чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген.

2010-жылдын май айынан бери Жаныш Бакиев мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен бирге Интерполдун багыты боюнча жана Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинде эл аралык издөөдө.

Жаныш Бакиев кыргыз бийлиги тарабынан 86 адам каза болгон 7-апрель учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын негизгиси болуп эсептелинет.

Мурунку президент болсо ошол убактан бери Белоруссияда, 2010-жылдын августунда ал өлкөнүн жарандыгын алган. Белоруссиянын жетекчилиги Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

«Кара тизме»

Жаныш Бакиев 2010-жылдын майында Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.

2012-жылдын февралында Интерпол Жаныш Бакиевди «кара тизмеге» киргизе тургандыгын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Шамил Атаханов билдирген. Интерполдун «кара тизмесине» оор кылмыш кылган, коркунучтуу кылмышкерлер киргизилет.

Интерполдун баасында, «кара тизме» - камакка алууга «баарынан да көбүрөөк жакындаткан» камакка алуу үчүн жиберилген сурамдардын сегиз түрүнүн бири болуп саналат.

Атахановдун айтымында, Жаныш Бакиев ал тизмеге Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жаңы ачылган кырдаалдан улам киргизилген. Мындан кийин атайын кызматтагылар Белоруссиянын укук коргоо органдарына сурам жиберген.

«Январда Белоруссиянын Улуттук коопсуздук комитетине эки сурам жөнөтүлгөн, бирок эч кандай жооп келген жок. Ошондой эле башка өлкөлөргө жиберилген сурамдар боюнча да жооптор алынган жок», — деген УКМКнын төрагасы февраль айында депутаттардын алдында сүйлөп жатып.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Жаныш Бакиев 2010-жылдагы революция маалындагы жана ошол эле жылдын июнундагы улут аралык кагылыштагы кылмыштар үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган 17 кишинин тизмесинин башында турат.

Москва шаарында 2012-жылдын 14-августунда мурунку президенттин инисинин жакын санаалашы, анын «Коопсуздук жана тартип» фондун жетектеген Болотбек Шакиров колго түшкөн.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков