Түлеев 15-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына калтырылды

Биринчи май райондук соту башкы прокуратура экинчи жолу “коррупцияга” күнөөлөп жаткан депутат жана экс-мэр Нариман Түлеевди УКМКнын тергөө абагына 15-октябрга чейин калтырды. Жактоочулар бул чечим менен макул болбой, жогорку инстанциядагы сот органына беш күндүн ичинде даттануу ниетинде.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев депутат жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевди 15-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды.

Жактоочулар бул чечим боюнча беш күн аралыгында даттануу ниетин билдиришти.

Мурунку мэрдин коомдук коргоочусу Токтайым Үмөталиева Түлеевди «мыйзамсыз» кармашты деп эсептейт — аны кармоо мөөнөтү аяктаганына байланыштуу шектүү катары соттун залынан кое берүүлөрү керек болчу, дейт Үмөталиева.

«48 сааттык мөөнөт сот процесси учурунда эле өтүп кеткен. Бир дагы өтүнүч кат канааттандырылган жок. Алар айткандай, Наримандын күнөөсүн ырастай турган, ошондой эле анын бир жерге качып кетүү же жашырынып калуу мүмкүндүгү тууралуу бир дагы документ көрсөтүлгөн эмес», — дейт коомдук коргоочу.

Түлеевге карата өкүм чыгаруу: кандай болгон

15-августта Жогорку сот Түлеевдин биринчи кылмыш иши боюнча башкоргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын тергөө абагынан үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган, бирок мурунку шаар башчысы тергөө абагынан чыгарылган жок — ошол эле күнү ага карата Башкы прокуратура жаңы кылмыш ишин козгоду.

Аида Салянова башында турган өлкөнүн негизги көзөмөлдөөчү органы Түлеевди Бишкек шаарынын башчысы болуп турганда «коррупциялык» иштерге барган деп экинчи жолу күнөөлөдү.

Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы тарабынан 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузуулар» болгондугун, ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратынын «мыйзамсыз» сатылышын аныктаган.

Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев депутатка карата коюлуп жаткан жаңы күнөөлөрдү «ойлоп табылган, жасалма күнөө» деп эсептейт.

Мурунку шаар башчысынын биринчи кармалуусу

Башкы прокуратура биринчи иши боюнча Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда кармаган. Төрт күндөн кийин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Депутат 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган.

Мурунку шаар башчысы болсо күнөөсүн моюнуна албай, автобустарды базар баасынан төмөнкү баада сатып алгандыгын айтып жатат.

Мурунку шаар башчысына карата Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле  кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин кылмыш иши токтотулган.

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков