УКМК: Ысык-Көлдүн Казакстан менен чектешкен жеринде чек арачы 5 адамды атып салды

20-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин кызматкери кыргыз-казак чек арасында бир аялды жана өзү менен бирге кызмат кылган 4 жоокерди атып салды, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Окуя Каракол шаарынан 180 чакырым алыстыктагы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Эчкили-Таш» өтмөгүндө болгон, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

УКМКнын Чек ара аскерлигинин маалыматы боюнча, жоокер штаттагы куралдан ок чыгарып, андан кийин жашырынып калган.

Окуя болгон жерге Чек ара аскерлигинин башкы штабынын башчысы Рыскелди Мусаевдин жетекчилиги астында офицерлердин тобу жиберилди, деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Учурда аскер кызматкерин кармоо боюнча «колго түшүрүү» планы жарыяланды.

ИИМдин басма сөз катчысы социалдык тармактарда пайда болгон чек арачы өзүнүн жубайы менен балдарын өлтүрдү деген маалыматты четке какты.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов аскер кызматкери Ысык-Көл районунда болушу мүмкүн деп болжолдойт. Айтымында, бирок ал азыр курорттук аймакка жете элек — ал үчүн 6-7 саат талап кылынат, ал эми окуя бүгүн саат 11:30 болгон.

Окуя тууралуу милиция кызматкерлерине малчылар кабарлашкан.

«Ал жерден үч жоокер качып кете алган, аларга малчылар жардам берип, жашырып калышкан. Андан кийин ылдый түшүшүп, телефон аркылуу окуя тууралуу кабарлашкан», — деди басма сөз катчы.

Куткарылган чек арачылар азыр Ак-Суу районунда, дейт Усубакунов.

Ал билдиргендей, өлтүрүлгөндөрдүн арасында чек ара заставасынын башчысы бар.

ИИМдин басма сөз кызматынан Бакыт Сейитов заставанын башчысынын өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, учурда заставада прокуратуранын, УКМКнын жана милициянын кызматкерлери бар.

Ал эми чек ара заставасындагылар түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Ушундай эле окуя май айынын аягында Казакстанда болгон — анда аскер кызматкери Владислав Челаханы «Арканкерген» чек ара заставасынан 14 бирге кызмат кылган жоокерди жана аңчыларга жол көрсөтчү адамды өлтүргөн деп күнөөлөшкөн.

Челах болсо коюлган күнөөнү четке кагып жатат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков