Бүгүн жактоочулар Түлеевди тергөө абагынан үй камагына чыгарууну талап кылат

Бүгүн Бишкек шаарынын мурунку башчысы жана депутат Нариман Түлеевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна арыз берет — алар депутатты кое берүүнү талап кылышат. Буга чейин Биринчи май райондук соту жаңы кылмыш иши козголгондуктан Түлеевди УКМКнын тергөө абагына дагы эки айга калтыруу чечимин чыгарган - депутатка карата мэр болуп турган убактагы «коррупциялык иштерге аралашкан» деп Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Түлеевдин жактоочулары Султан Баратов менен Кубанычбек Ташбалтаевдер Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча жогорку инстанцияга даттануу арызын берүү үчүн керектүү документтерди чогултушту.

Жактоочулар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышат — ал «коррупцияга» күнөөлөнүп, эки айдан бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Баратовдун пикиринде, Бишкек шаардык сотунун жыйыны он күндөн кем эмес убакыттан кийин өтөт — азырынча так мөөнөтү белгисиз.

Жактоочулар буга чейин Кыргызстандын Жогорку сотунда Түлеевди үй камагына чыгарууга жетишишкен, бирок ошол эле күнү Башкы прокуратура тарабынан «коррупция» беренеси боюнча жаңы кылмыш ишин козголуп, депутаттын тергөө абагынан чыгуусуна уруксат бербей коюшкан.

Биринчи май райондук соту Түлеевди 15-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына калтыруу өкүмүн чыгарган.

Буга чейин Баратов менен Ташбалтаев Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев депутаттын пайдасына чечим чыгарбай жатат деп эсептеп, аны алып салууну эки жолу талап кылышкан — Боромбаев июнда Түлеевдин биринчи жолку кармалуусунда Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин анын үйүнө кирип баруулары мыйзамдуу болгон деп чечим чыгарган.

Экинчи кылмыш иши боюнча Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы тарабынан 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузуулар» болгондугун, ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратынын «мыйзамсыз» сатылышын аныктаган.

Ал эми биринчи кылмыш иши боюнча депутат кытай автобустарын кымбаттатылган баада сатып алган деп күнөөлөнүп жатат.

Түлеев болсо бардык күнөөлөрдү четке кагууда.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков