Өкмөттүн ишине нааразы болгондуктан «Ата Мекен» менен «Ар-Намыс» коалициядан чыкканы жатат

Парламенттин эки фракциясынын депутаттары өкмөттүн «булганыч» иши үчүн коалициядан чыга тургандыктарын билдиришти. Министрлер кабинетиндегилер депутаттардын бул аракеттери боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

Башкаруучу коалициянын мүчөлөрү «Ата Мекен» менен «Ар-Намыс» парламенттик көпчүлүктөн чыга тургандыктарын билдиришти.

«Ата Мекен» 21-августтагы фракция жыйынында коалициядан чыгуу ниетин билдирди — бул тууралуу жыйындын жүрүшүндө фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Коалициядан чыгуу маселесин бүгүн деле карасак болмок, бирок алар [«Ата Мекен» фракциясы] өкмөттө «Ата Мекен» партиясынын атынан жүргөн министрлер менен алгач кеңешүү чечимин кабыл алышты», — деп кайталайт «Азаттык» радиосу Текебаевдин сөзүн.

«Ата Мекен» партиясынан депутат Туратбек Мадылбеков фракциянын коалициядан чыгуу ниети бар экендигин ырастады — айтымында, ага себеп «Ата Мекендин» «Республика» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов башкарган өкмөттүн «булганыч» иштеринен баш тартуусу болгон.

«Алар менен [өкмөт менен] бир коалицияда болуп иштөөгө мүмкүн эмес», — деп билдирди Мадылбеков.

«Ата Мекен» фракциясынан парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева Бабанов «арамзалык менен» иштеп жатат жана өкмөт башчысы кызматын ээлеп тура албайт деп эсептейт.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев өзүнүн микроблогдук «Твиттер» платформасындагы эккаунтунда алардын фракциясы да коалициядан чыга тургандыгын жазган.

«Ар-Намыс» фракциясы коалициядан чыгат», — деп жазган Бекешев.

Анын сөзүн башка «ар-намысчы» Кожобек Рыспаев ырастады.

Башкаруучу коалицияга кирген парламенттин КСДП жана «Республика» фракцияларынан парламенттин мүчөлөрү түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатышат.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров өзүнүн «Твиттердеги» баракчасында жазгандай, эки фракциянын коалициядан чыгуу ниети тууралуу билдирүүлөрү өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүдөгү «алсыздыгын» билдирет.

Каназаров «Ар-Намыс» менен «Ата Мекендин» аракеттери боюнча өкмөт түшүндүрмө бербей тургандыгын билдирди.

Кыргыз парламентиндеги коалициялык көпчүлүктү түзүү үчүн эки фракция бириксе да депутаттардын саны жетишпейт.

Эгер парламенттеги коалиция көпчүлүктү жоготуп койсо анда Өмүрбек Бабановдун өкмөтү таркатылат.

Учурдагы парламенттик коалиция 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, ага «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары кирет.

Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдан бери коалициянын экинчи жолку таркашы. Курамына «Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракциялары кирген биринчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин таркаган.

«Кымбат аргымак» жана «мародер-депутаттар»

Мүмкүн боло турган алдыдагы коалициялык көпчүлүктүн таркашы анын курамына кирген партиялардын ортосундагы тынымсыз уруштардын фонунда болуп жатат.

Акыркы эки жумадан бери негизги каршылаштар «Республика» менен «Ата Мекен» фракциялары болуп жатат.

«Ата Мекендин» депутаттары 13-августтагы фракция жыйынында өкмөт башчысы, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду «коррупцияга» күнөөлөшкөн.

«Атамекенчилердин» версиясы боюнча, «Серка» түркиялык компаниясынын башчысы Хункар Адали «Манас» аэропортуна 12 миллион долларлык аэронавигациялык мунара куруугу буйрутма алуу үчүн Бабановго 1 миллион АКШ долларына бааланган жылкы белек кылган.

Премьер-министр «пара алуу» тууралуу маалыматты четке кагып, ал аргымакты 20 миң АКШ долларына сатып алгандыгын билдирди. Ал «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге аргымакты ошол эле баага сатып алып, аны кайра 1 миллион долларга сатып көрүүсүн сунуштады.

«Ар-Намыс» «атамекенчилерди» колдоп, депутаттары өзүлөрүнүн фракция жыйынында өкмөттү экономика тармагындагы «жаман» иштери үчүн күнөөлөдү.

Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерин 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийинки талап-тоноочулукка күнөөлөдү.

«Республика» фракциясынын депутаттары №1 тергөө абагында камакта жаткан Абдулла Юсупов менен болгон видео-маекти көрсөтүштү. Анда ал учурдагы «Ата Мекендин» депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдор 2010-жылдын 7-апрелинде аны жана анын тобун Бакиевдерге тиешелүү болгон бардык объектилерди тоноого жана Курманбек Бакиевдин үйүн өрттөөгө буйрук бергендиктерин айткан.

КСДПнын пассивдүүлүгү

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен Марс Сариев Өмүрбек Бабанов башында турган учурдагы өкмөттү таркатууну тездетиш үчүн эки фракция тең коалициядан чыгып жатат деп эсептешет.

Казакпаев эгер КСДП «пассивдүү» болбосо «Ар-Намыс» менен «Ата Мекен» фракциядан чыкпайт болчу дейт.

«Бул эки фракция [«Ата Мекен» жана «Ар-Намыс»] коалициядан чыгышы мүмкүн, анткени КСДП Бабанов өкмөт башында калгыдай кылып коюушу мүмкүн экен», — деп эсептейт Казакпаев.

Ал мындан кийин «парламенттик-өкмөттүк» каатчылык башталат деп эсептейт. Бирок, коалицияга «Ата-Журт» кириши мүмкүн, дейт саясат таануучу.

«Ата-Журт» фракциясынын азырынча пикирин айтпагандыгы бул көйгөй, анткени депутаттар толук түрдө өзүлөрүнүн эс алууларын колдонуп, бул маселеге кийлигишпей жатышат», — деп кошумчалады Марат Казакпаев.

Марс Сариевдин пикиринде, коалициядан эки фракциянын чыгуусу логикалуу аракет болуп эсептелинет — алар өкмөттү кетирүү идеясын акырына чейин ишке ашырууну каалап жатышат.

Анын айтымында, мындай жол менен алар өкмөттүн таркашын тездетүү үчүн «парламенттик каатчылыкты» түзүп жатышат.

«[Коалициядан чыгып жаткан фракциялар] сентябрга чейин күткүлөрү келбей жатат», — деди Сариев «Клоопко» берген маегинде.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков