ӨКМ: Ысык-Көлдө жоголуп кеткен кытай жараны аскадан кулагандан кийин каза болгон

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери төрт күн мурун Кытай жаранынын денесин табышкан — ал 13-августта Ысык-Көл облусунун Каракол капчыгайында жоголуп кеткен. Куткаруучулардын болжолдоосунда, Жау Чу Ю аскадан кулагандан кийин каза болгон.

Жау Чу Ю 13-августта Каракол капчыгайында саякаттап жүрүп жоголуп кеткен — аны төрт күндөн кийин табышты, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам кызматынын башчысы Мухамбет Суваров

Ал кытайлыктын денесин жергиликтүү мергенчилер табышкандыгын айтты.

Куткаруучулар Жау Чу Ю аскадан кулап кетип каза болгон деп болжолдоп жатышат.

«Ал тик аскадан кулаган. [...] Өтө чоң эмес аска, бирок ал кулап кеткен», — деп болжолдойт Суваров.

Жоголгон адамды издөө иштерине ӨКМдин кызматкерлери, милиция жана жергиликтүү жашоочулар катышышкан.

13-августта капчыгайдагы саякат маалында кытай туристтеринин тобу бөлүнүп сейилдеп, андан кийин белгиленген жерден жолугушууну чечишкен.

«Алар туш тарапка кетишкен жана бирөөсү убагында белгиленген жерге келбей, жоголуп кеткен», — деген  Суваров 14-августта «Клоопко».

Кытайлыкка караганда июнда Токтогул суу сактагычында жоголуп кеткен орусиялык Виталий Якупцевдин жолу болгон, аны төрт күндөн кийин жергиликтүү малчылар табышкан — ал жапайы жер-жемиштер менен тамактангандыктан гана тирүү калган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков