20-августта кыргыз-казак чек арасында бирге кызмат кылган төрт жоокер менен бир аскер кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жаткан чек арачы кармоо учурунда атылып өлтүрүлдү, деп билдирди УКМКнын Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрү премьер-министр Өмүрбек Бабановдун резервдик фондунан 100 миң сомдон алышат, деп жазылган өкмөттүн сайтында.
Министрлер кабинетинин башчысы УКМКга окуяны «кылдаттык» менен изилдөө тапшырмасын берип, каза болгон аскер кызматкерлеринин туугандарына көңүл айтты.
Милиция кызматкерлери менен чек арачылар 20-августта кыргыз-казак чек арасында «беш кишини атып өлтүргөн» Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара аскерлигинин аскер кызматкери Балбай Кулбарак уулун табышты.
Чек арачы 21-августта кармоо учурунда атылып өлтүрүлдү, дейт УКМКнын Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.
«Кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн ал куралсыздандырылды, тактап айтканда өлтүрүлдү», — деди Бөрүбаева.
Басма сөз катчынын айтымында, аскер кызматкерин Ысык-Көл облусунун Айташ капчыгайынан табышкан — ал милиция кызматкерлери издеп жаткан «Нива» үлгүсүндөгү унааны өзүнүн чек ара заставасы «Эчкили-Таштан» 4-5 чакырым алыстыкта калтырып салган.
Кармоо операциясы УКМКнын чек ара аскерлери менен Ысык-Көл облустук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасы беш кишини өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
20-августта аман калып качып кеткен үч чек арачы көрсөтмө берип жатат.
19 жаштагы Кулбарак уулу Каракол шаарынан 180 чакырым алыстыктагы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Эчкили-Таш» өтмөгүндө 20-августта саат 11:30да бирге кызмат кылган жоокерлерге карата ок аткан, деп билдирген Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.
Окуя тууралуу милиция кызматкерлерине малчылар кабарлашкан.
«Ал жерден үч жоокер качып кете алган, аларга малчылар жардам берип, жашырып калышкан. Андан кийин ылдый түшүшүп, телефон аркылуу окуя тууралуу кабарлашкан», — деди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
Ушундай эле окуя май айынын аягында Казакстанда болгон — анда аскер кызматкери Владислав Челаханы «Арканкерген» чек ара заставасынан 14 бирге кызмат кылган жоокерди жана аңчыларга жол көрсөтчү адамды өлтүргөн деп күнөөлөшкөн.
Челах болсо коюлган күнөөнү четке кагып жатат.
Автор: Александра Ли
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Илгиз Чалбараков