«Ата Мекен» парламенттик көпчүлүктүн курамынан чыгып, коалиция таркады

«Ар-Намыстын» артынан «Ата Мекен» фракциясы парламенттик көпчүлүктөн чыгуу чечимин кабыл алды. Ошентип, жаңы башкаруучу коалиция түзүлгөнгө чейин өкмөт таркашы мүмкүн.

Фракция жыйынында «Ата Мекендин» депутаттары башкаруучу «Биримдик» коалициясынан чыгуу үчүн добуштарын беришти, дейт парламентарий Карганбек Самаков.

Буга чейин «Ар-Намыс» фракциясы да парламенттик көпчүлүктөн чыккандыгын билдирген. Эки фракция тең — «Ата Мекен» менен «Ар-Намыс» — Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн ишине ыраазы эмес.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, башкаруучу коалиция парламент депутаттарынын жарымынан көбүнөн турушу керек. Коалициянын курамындагы Кыргызстандын Социал-демократтар партиясы менен «Республика» фракцияларында 120 депутаттын 51и гана иштейт.

Ошентип, коалиция кыйрады, өкмөттү болсо таркатуулары керек.

15 күндүн ичинде парламент депутаттары парламенттик көпчүлүктүн жаңы курамын аныктоолору керек, андан кийин өкмөттүн курамын бекитиш керек.

Жаңы курам аныкталганга чейин министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү мекеме жетекчилигинин кызматын аткарышат.

Башкаруучу коалициянын курамындагы эки фракциянын — КСДП менен «Республиканын» парламенттеги мүчөлөрү түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болууда.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров бир күн мурун өкмөт «Ар-Намыс» менен «Ата Мекендин» аракеттери боюнча түшүндүрмө бербей тургандыгын айткан.

Буга чейин саясат таануучулар эгер КСДП Ата Мекен» менен «Ар-Намыс» сыяктуу өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтсө коалицияны таркатпай кармап калса болмок деп билдиришкен.

Учурдагы парламенттик коалиция 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, ага «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары кирген.

Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдан бери коалициянын экинчи жолку таркашы.

Курамына «Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракциялары кирген биринчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин таркаган.

«Кымбат баалуу аргымак» жана «мародер-депутаттар»

Коалициялык көпчүлүктүн таркашы анын курамына кирген партиялардын ортосундагы тынымсыз уруштардын фонунда болду.

Акыркы эки жумадан бери негизги каршылаштар «Республика» менен «Ата Мекен» фракциялары болду.

«Ата Мекендин» депутаттары 13-августтагы фракция жыйынында өкмөт башчысы, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду «коррупцияга» күнөөлөшкөн.

«Атамекенчилердин» версиясы боюнча, «Серка» түркиялык компаниясынын башчысы Хункар Адали «Манас» аэропортуна 12 миллион долларлык аэронавигациялык мунара куруугу буйрутма алуу үчүн Бабановго 1 миллион АКШ долларына бааланган жылкы белек кылган.

Премьер-министр «пара алуу» тууралуу маалыматты четке кагып, ал аргымакты 20 миң АКШ долларына сатып алгандыгын билдирди. Ал «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге аргымакты ошол эле баага сатып алып, аны кайра 1 миллион долларга сатып көрүүсүн сунуштаган.

«Ар-Намыс» «атамекенчилерди» колдоп, депутаттары фракция жыйынында өкмөттү экономика тармагындагы «жаман» иштери үчүн күнөөлөгөн.

Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерин 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийинки талап-тоноочулукту уюштурган деп күнөөлөдү.

«Республика» фракциясынын депутаттары №1 тергөө абагында камакта жаткан Абдулла Юсупов менен болгон видео-маекти көрсөтүштү. Анда ал учурдагы «Ата Мекендин» депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдор 2010-жылдын 7-апрелинде аны жана анын тобун Бакиевдерге тиешелүү болгон бардык объектилерди тоноого жана Курманбек Бакиевдин үйүн өрттөөгө буйрук бергендиктерин айткан.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Айкерим Алиева

Которгон: Илгиз Чалбараков