«Азаттык» радиосу: Кыргыз чек арачылары тажикстандыктарды тажик аймагында сабады

Тажикстандын Согди облусунун Исфара районундагы Ворух айылынын жашоочусу кыргыз чек арачылары Ворух анклавында сегиз тажикстандыкты «сабашты» деп билдиргенин «Азаттык» радиосунун тажик кызматы кабарлады. Кыргызстандын УКМКсынын алдындагы Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы сабаган деген маалыматты четке кагып жатат.

Ворух айылынын жашоочусу Исфандиёр Сангинов «Азаттык» радиосунун тажик кызматына 20-августта кыргыз чек арачылары анын айылдаштарын «сабашканыгын» билдирген.

Анын айтымында, кыргыз чек арачылары документтерин көрсөтүүнү талап кылганда жабыр тарткандар Тажикстандын аймагында болушкан.

Ворух Тажикстандын Баткен облусунун аймагындагы анклавы.

Чек арачылар жооп күтпөстөн эле айылдаштарымды сабап башташты. Андан соң аларды Танги айылындагы чек ара бөлүгүнө жеткиришти, деп улантат Сангинов.

Жабыр тарткан Исфандиёрдун бир тууганы Исмоилджон Сангинов Санги Тажикстандын аймагында жайгашкандыктан алар кыргыз чек арачылары арабынан өз аймагында кармала тургандыктарын ойлобогондугун «Азаттык» радиосунун тажик кызматына айткан.

Жабыр тарткандын айтымында, аларды түнү бою «аесуз сабашкан». Ал учурда айылдаштарынын экөөсү ооруканада экендигин билдирди.

Ворух айылынын ички иштер бөлүмүнүн участкалык тескөөчүсү Фаррух Тухтаев жабыр тарткандар тажик аймагында кармалгандыгын «Азаттык» радиосуна ырастаган.

Ал билдиргендей, кыргыз чек арачылары тарабынан Тажикстандын жарандарынын «сабалгандыгы» фактысы боюнча протокол түзүлгөн жана алар ишти Кыргызстандын прокуратурасына жөнөтүү ниетинде..

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Тажикстандын жарандарын өзүлөрүнүн аймагында сабагандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Ал «Клоопко» берген маегинде кыргыз чек арачылары эч кимди сабабагандыктарын билдирди.

Бөрүбаева Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аймагында болгон жана мамлекеттик чек араны «бузгандыктары» үчүн кармалышкан, деп айтты.

«Тиешелүү акт түзүлгөн жана ал акты боюнча алар дароо эле Тажикстандын чек арачыларына өткөрүлүп берилген», — деди басма сөз катчы.