Бишкекте Ош базарынын жанында кара чайыры бар жүк унаасы күйүп кетти

Өрт өчүрүүчүлөр Бишкектин Ош базарынын жанында кара чайыры бар жүк унаасын бир сааттай убакыт өчүрүштү. Каза болгондор жок, оттун ысыгынан банк менен дарыкананын жазуулары ээрип кетти. Күбөлөрдүн бир бөлүгү өрттүн чыгуусуна тамеки себеп болду дешсе, айдоочу унаанын тутандыруу системасынан чыккан от себеп болгондугун айтты.  

Кара чайыры бар жүк унаасы 22-августта Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кетти — өрт болжол менен 15:00дордо башталган.

Окуя болгон жерге барган «Клооптун» кабарчылары өрт өчүрүүчүлөр болжол менен саат 15:15терде өрттү өчүрүп баштагандыктарын айтышты — алардын кээ бирлери жеңил күйүктөрдү алышты, дейт кабарчы Евгений Погребняк.

Жалпысынан тилсиз жоо менен күрөшүү жарым сааттай убакытка созулду — өрттү экскаватор келип, унаанын үстүнө ылай төккөндө аягына чейин өчүрүп бүтүштү.

Өрттүн айланасындагы талаш-тартыштар

Күбөлөр менен жүк унаасынын айдоочусу өрттүн чыгуу себептери боюнча ар кимиси өз ойлор менен калышты. Өрт өчүрүүчүлөр түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Эки күбө өрт жүк унаасынын айдоочусу таштаган тамекинин калдыгынан улам чыкты деп айтып, далилдөөгө аракет кылышты.

«Бул тамеки чегүүдөн улам келип чыкты. Алгач унаанын кабинасы күйүп баштаган. Өрт өчүрүүчүлөр келгенче от негизи бөлүгүнө өтүп кетти. Ал жерде унаанын ичиндегилер күйдү», — деп айтышты аты-жөнүн атагысы келбеген күбөлөр.

Окуянын башка күбөсү болсо алгач унаанын жанындагы кагаз күйүп баштагандыгын айтты.

«Бул жерде кагаздар толтура. Алар күйүп, унаага жабышты», — деди ал.

Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан дарыкананын эки кызматкери алгач унаанын кабинасы күйүп баштап, андан кийин анын негизги бөлүгүнө өткөндүгүн ырасташты.

Күйүп кеткен жүк унаасынын айдоочусу Эрмек өрт унаадагы «техникалык бузулуулардан» улам пайда болгондугун айтып, ишендирүүгө аракет кылды.

«Унаанын тутандыруу системасында учкун пайда болду. Андан кийин унаанын кабинасы күйүп баштады», — деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы окуя жөнүндө азырынча эч нерсе билбей тургандыктарын айтышып, эч кандай түшүндүрмө бере алышкан жок.

Авторлор: Евгений Погребняк жана Бермет Момункулова

Которгон: Илгиз Чалбараков