Кыргызстан Белоруссиядан Жаныш Бакиевди кармап, өткөрүп берүүнү талап кылды

Кыргыз бийлиги Бишкектеги Белоруссиянын элчисине качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди «тез аранын ичинде кармап», өткөрүп берүүсүн талап кылган расмий дипломатиялык катын жөнөттү. Бул катты жөнөтүүгө белорус активистинин Минск шаарынын борборунан Жаныш Бакиевге окшогон адамды көргөндүгү себеп болгон.

Дипломатиялык кат жөнөткөн Кыргызстандын Тышкы иштер иштер министрлиги белорус активисти Михаил Пашкевич тарабынан тартылып алынган сүрөттөргө таянып жатат.

Анда Минск шаарынын Карл Маркс көчөсүнөн Жаныш Бакиевге окшогон адам сүрөткө тартылып алынган.

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Белорус Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине Белоруссиянын Бакиев Жаныш Салиевичти тез аранын ичинде кармап, аны Кыргыз Руспубликасына өткөрүп бериши үчүн кескин чараларды көрүүсү боюнча расмий дипломатиялык кат жөнөтүлдү», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Дипломатиялык кат Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов аркылуу Белоруссиянын Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкого берилди.

«Жолугушуунун жүрүшүндө [Бешимов менен Денисенконун] көрсөтүлгөн фактылардан улам кыргыз тараптын кабатыр болуп жаткандыгы айтылды», — дейт ТИМдин билдирүүсүндө.

Жаныш Бакиев боюнча Белоруссиянын элчилигинин позициясы азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан «Клоопко» билдиришкендей, мекеме 2012-жылдын февралында эле Белоруссиянын укук коргоо органдарына сурам жөнөткөн, бирок белорус тарап баш тартып койгон.

Буга чейин Белоруссиянын Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик коопсуздук комитети «Клооптун» кабарчыларына Бакиевдин өлкөгө киргендигин ырастоодон баш тарткан.

Пашкевич Жаныш Бакиевге окшогон адамдын сүрөтүн өзүнүн «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчасына 17-августта жайгаштырган.

««Силердин жердештер көчөгө чыгып биздин маңдай жагыбызда туруп калышты. Минск шаарындагылар Бакиевдердин эки жылдан бери бул жакта экендигин билгендиктен ал окшош сыяктуу көрүндү», — деп жазган белорустук активист «Клоопко» жазуу түрүндө берген маегинде.

Жаныш Бакиев деп болжолдонуп жаткан адамдын жанында дагы эки киши болгон. Алардын ким экендиктери белгисиз.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган Минск шаарынын үч жашоочусу сүрөттө чын эле Белоруссиянын борборундагы Карл Маркс көчөсү көрсөтүлгөндүгүн ырасташты.

Алардын биринин айтымында, сүрөттүн бирөөсүнүн арткы көрүнүшүндөгү курулуш тепкичтери бир ай мурун пайда болгон.

Издөөдө

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ушул мезгилге чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген.

2010-жылдын май айынан бери Жаныш Бакиев мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен бирге Интерполдун багыты боюнча жана Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинде эл аралык издөөдө.

Жаныш Бакиев кыргыз бийлиги тарабынан 86 адам каза болгон 7-апрель учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын негизгиси болуп эсептелинет.

Мурунку президенттин өзү болсо революцидан бери Белоруссияда, 2010-жылдын августунда ал өлкөнүн жарандыгын алган. Белоруссиянын жетекчилиги Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

«Кара тизме»

Жаныш Бакиев 2010-жылдын май айында Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.

2012-жылдын февралында Интерпол Жаныш Бакиевди «кара тизмеге» киргизе тургандыгын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Шамил Атаханов билдирген. Интерполдун «кара тизмесине» оор кылмыш кылган, коркунучтуу кылмышкерлер киргизилет.

Интерполдун басы боюнча, «кара тизме» — камакка алууга «баарынан көбүрөөк жакындаткан» камакка алуу үчүн жиберилген сурамдардын сегиз түрүнүн бири болуп саналат.

Атахановдун айтымында, Жаныш Бакиев ал тизмеге Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жаңы ачылган кырдаалдан улам киргизилген. Мындан кийин атайын кызматтагылар Белоруссиянын укук коргоо органдарына сурам жиберген.

«Январда Белоруссиянын Улуттук коопсуздук комитетине эки сурам жөнөтүлгөн, бирок эч кандай жооп келген жок. Ошондой эле башка өлкөлөргө жиберилген сурамдар боюнча да жооптор алынган жок», — деген УКМКнын төрагасы февраль айында депутаттардын алдында сүйлөп жатып.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Жаныш Бакиев 2010-жылдагы революция маалындагы жана ошол эле жылдын июнундагы улут аралык кагылыштагы кылмыштар үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган 17 кишинин тизмесинин башында турат.

Авторлоры: Бектур Искендер, Айнура Каарманова, Зарема Султанбекова жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков