Ош: Кара-Суу көчөсүн узартуу үчүн 30дай үй бузулат

Ош шаарынын бийлиги Кара-Суу көчөсүн бир километрдей аралыкка узартуу үчүн 33 үйдү бузууну пландаштырып жатат. Бирок жашоочулардын айтымында, үйлөрдүн бузула тургандыгы жөнүндө аларга эч ким кабар берген эмес. Мэриянын басма сөз катчылыгында, жакынкы күндөрү компенсация маселеси чечилээрин кабарлады.

Кара-Суу көчөсү Ош шаарындагы борбордук базардын түштүк-чыгыш кире беришине келип такалат. Мэриянын планы боюнча, ал Алишер Навои көчөсүнүн кесилишине чейин 950 метрге узартылат.

Ош шаардык мэриясынын архитектура башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Баетов жолду узартуу иштерине 100 миллион сомдой каражат кетээрин маалымдады.

Жолдун узартылышы үчүн 33 үйдүн бузулушу күтүлүүдө.

«Кара-Суу көчөсү боюнча былтыртан бери эле пландаштырылып келе жаткан иш. Бул Ош шаарынын генералдык планында бар [...] Азыр мына транспорттор көбөйдү муну ачпасак болбойт», - дейт Баетов.

Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө компенсация маселесин чечүү үчүн ар бир үйдүн ээси менен жолугушуу өткөрүлөөрүн кабарлашты.

«Долбоор боюнча документтерди текшерүү иштери бүтө элек […] эми ар бир үй менен сүйлөшөт да, же акчалай береби, же жерби», - дейт коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Камиль Сыдыков.

«Мурунтан айтыш керек эле»

Кара-Суу көчөсүнүн жашоочусу Диляфуразхон Мамажанова үйлөрдүн бузулушу жөнүндө эч ким кабарлабагандыгын айтты.

«Бала-чакабыз мене кай жакка барабыз. Азыр шарт эле көч десе, көчүп бара албайбыз. Азыр бузулат деп 5-6 жыл мурун айтыш керек.[...] Кыш жакындап калды», - деди Мамажанова.

Атын атагысы келбеген дагы бир жашоочу да маалымат берилбегендигин айтып, бирок башка үй берсе көчүп кетүүгө даяр экендигин айтты.

Ал эми Жамалидин Мирзамуратов үйлөрдүн бузулушуна каршы, бирок мэрия тарабынан токтом чыкса «мыйзамга каршы» барбастыгын кошумчалады.

«Бул жерде ата-бабаларыбыз жашаган, […] мурунку хандыктар мезгилинде да болгон», - дейт Мирзамуратов.

Жолду узартуу жана үйлөрдү бузуу иштеринин так датасы азырынча белгисиз.

Буга чейин Монуев көчөсүн узартуу үчүн мэрия тарабынан Масалиев проспектинен Ак-Буура көчөсүнө чейинки тилкесиндеги 22 үй бузулган.

Алгач үйлөрдүн ээлери бөлүнгөн компенсациянын суммасына нааразы болуп, үйлөрдүн бузулушуна каршы чыгышкан.

Жыйынтыгында, компенсациянын суммасы 10 миллион сомдон 16 миллион сомго көбөйтүлүп, «Он Адыр» кичи районунан жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Сүрөттө: Монуев көчөсүндөгү үйлөрдүн бузулушу