Президент «пара талап кылгандыгы» үчүн Таш-Көмүрдүн башкы судьясын кызматынан кетирди

 

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучусуна карата 8 миң сом «пара талап кылган» деген күнөө коюлгандыктан аны кызматынан кетирди. Судья өзү түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Президент Таш-Көмүр шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Эркин Иманкуловду кызматынан кетирүү жөнүндөгү буйрукка 21-августта кол койгон — буга судья алып барып жаткан иштин катышуучуларынын биринин «пара талап кылды» деген даттануусу себеп болгон.

Иманкулов июлдун аягында 8 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Соттор кеңеши Иманкуловду жоопкерчиликке тартууга уруксат бергенден кийин Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин козгогон.

«Судьялардын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын 14-беренесинде жазылгандай, судьяга карата кылмыш иши Соттордун кеңешинин уруксаты менен же пара алып жаткан жеринен кармалган учурда гана козголот.

Иманкуловдун өзү бул боюнча түшүндүрмө берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

«Судьялардын статусу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, жергиликтүү соттордун судьялары Соттордун кеңешинин сунушу менен президент тарабынан дайындалат жана жумуштан бошотулат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков