Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан алты адам каза болду

Бишкек-Торугарт унаа жолунун Кемин районундагы бөлүгүндө 12 адам унаа кырсыгына дуушар болду — алардын алтысы каза болуп, бешөө ооруканага жеткирилди, бирөөсү үйүнө кайтып келди. Ооруканадагылардын абалы «оор» деп бааланып жатат.

Бишкек-Торугарт унаа жолунда «Мазда» жана «Одиссей» үлгүсүндөгү унаалар кагышып кетти, деп жазылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында — мекеменин маалыматы боюнча, кырсыктан алты адам каза болду.

Ички иштер министрлиги кырсыкка үч унаа катышкан деп айтып жатат.

Жабыр тарткандардын бешөөсүн Кемин районунун аймактык ооруканасына жеткиришти — дарыгерлер алардын абалын «оор» деп баалап жатышат, деди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнист Осмонбаев.

Жүргүнчүлөрдүн бири жеңил жараат алып, үйүнө кетти.

Каза болгондордун денеси Кемин райондук өлгөн адамдар коюла турган үйгө жөнөтүлдү, алардын арасында унаалардын биринин айдоочусу да бар.

«Клооп» оорукана менен байланыша алган жок.

Азырынча унаа кырсыгынын себеби белгисиз, экспертиза жүрүп жатат, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

«Үч унаа тең оодарылып кеткен деп айтып жатышат, азырынча унаа кырсыгы кандай болгондугун жана кимдин күнөөсү бар экендигин аныкташ кыйын», — деди Осмонбаев.

Каза болгондордун туугандары менен жакындары түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды