Буудай менен унду сыртка чыгарууга өкмөт жарым жылга тыюу салганы жатат

Унду сыртка чыгарууга тыюу салуу жөнүндөгү токтом өкмөт тарабынан сунушталган. Ага 2012-жылы Кыргызстанда буудайдын түшүмүнүн жоготууга учурашы себеп болгон. Буга чейин бийликтегилер буудайдын түшүмүнүн үчтөн бир бөлүгү жокко учурагандыгын билдирген.

Тыюу салууга негизги себеп - 2012-жылдагы түшүмдүн жоготууга учурашы, дейт Айыл чарба министрлигинин алдындагы Азык-түлүк ишканасы бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Жумабеков.

«Болжолдоолор боюнча, быйыл түшүм жыйноо 200 миң тоннага аз [былтыркыга салыштырмалуу]. Ошондуктан өзүбүзгө ун менен буудай жетпей жатат», — дейт Жумабеков.

Токтомго ылайык, тыюу салуу мөөнөтү 6 айды түзөт.

Учурда камдалып коюлган буудайдын запасы Кыргызстанга кийинки түшүм жыйноого чейин жетет, дейт бөлүм башчысы.

Ун өндүргөн «Акун» компаниясынын корпоративдик директору Рустам Жунушевдин пикири боюнча, сыртка чыгарууга тыюу салуу Кыргызстандын экономикасына эч кандай деле зыян алып келбейт.

«Бизде экспорттук потенциал дээрлик нөлгө барабар, ошондуктан эч кандай өзгөрүү болбойт. Андан эч кандай эффект да болбойт», — дейт Жунушев.

Түшүмдүн жоготуулары

2012-жылдын август айынын башында Айыл чарба министрлиги ысык менен кургакчылыктын айынан түшүмдүн үчтөн бир бөлүгү жок болгондугун билдирген.

Дыйкандар буудайдын түшүмүндөгү ири жогорулатуулар тууралуу билдиришип, ысык менен кургакчылык эгиндин 70 пайызга жакынын жок кылгандыгын айтышкан.

Айыл чарба министрлиги Кыргызстан 2012-жылдын аягына чейин 653 миң тонна буудай жыйнайт, деп убада кылган. Бул 900 миң тоннаны түзгөн былтыркы жыйымдарга караганда бир жарым эсеге аз.

Өз кезегинде премьер-министр Өмүрбек Бабанов Айыл чарба министрлигин жазгы айдап-себүү иштерине «начар даярданган» деп күнөөлөгөн.

Августтун башында бийликтегилер 2012-жылы коңшу Казакстандан буудай алып келүүнүн көлөмү жогорулагандыгын билдирген.

Жыл башынан бери 260 миң тонна эгин алынып келинди — бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100 миң тоннага көп.

Жылдын аягына чейин Казакстандан дагы 200 миң тонна, Орусиядан 100 миң тонна алып келүү пландалып жатат.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков