Өкмөттүн басма сөз катчысы: Бабанов өкмөттү таркатууга камынбай эле

Министрлер кабинети президенттин указынан кийин гана отставкага кетет, дейт өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров. Өкмөттү негиздей турган парламенттик коалиция 22-августта «Ар-Намыс» менен «Ата Мекен» парламенттик көпчүлүктөн чыккандан кийин таркаган.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттү отставкага кетирүүгө камынбай эле, дейт анын басма сөз катчысы Султан Каназаров.

Өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндөгү сөздөр «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары парламенттик коалициядан чыккандан кийин пайда болгон – анын жыйынтыгында коалиция таркады.

Каназаров «Клоопко» берген маегинде өкмөттү президент гана тарката ала тургандыгын айтты.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов өлкө башчысы бир күн бою Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен бирге жүргөндүгүн айтып, коалициянын таркашы тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Парламенттик көпчүлүк таркагандан кийин президент Жогорку Кеңештеги фракциялардын бирине жаңы коалиция түзүү укугун берет.

Ал фракция 15 күндүн ичинде жаңы коалициянын курамын аныкташ керек, ал эми парламент депутаттары алардын тандалып алынышы үчүн добуштарын берет. Андан соң жаңы министрлер кабинетин түзүү үчүн коалицияга дагы 15 күндүк убакыт берилет.

Учурдагы «Биримдик» парламенттик коалициясы 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, анын курмына «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары кирген.

Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдын аягынан бери экинчи коалициянын таркашы.

Курамына «Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракциялары кирген биринчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланып келгенден кийин таркаган.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков