Кыргызстан үй-жайсыз адамдар арасындагы футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышат

Буга чейин баңгизаттарын колдонуп, алкоголдук ичимдиктерди ичкен 11 спортчу айымдан турган Кыргызстандын курама командасы үй-жайсыз адамдардын арасындагы футбол боюнча дүйнө биринчилигине катышат, дейт Кыргызстандын Көчө футболу федерациясынын өкүлү Эмил Султанбаев. Чемпионат 2012-жылдын октябрында Мексикада өтөт.

2010-жылдагы үй-жайсыз адамдар арасындагы футбол боюнча дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан кыз-келиндерден турган курама команда гана барат — анын курамына Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын машыктыруучусу Гүлбара Үмөталиева башында турган 11 спортчу кирди.

«Ал жакка үй-жайсыз, же буга чейин арак ичип баңгизаттарын колдонгондор киришти», — дейт Кыргызстандын Көчө футболу федерациясынын өкүлү Эмил Султанбаев.

Султанбаев командага ошондой эле «Абдыш-Ата» футболдук академиясынын тарбиялануучулары да киргендигин кошумчалады.

«Мексикага аздыр-көптүр даярдыгы жакшы, профессионалдуу команданы алып барабыз. Алардын бардыгынын жашаган жери тууралуу каттоолору жок, өтө жаман шарттарда жалдап алган батирлерде жашашат», — деди Султанбаев.

Анын айтымында, команданы алып баруу «Абдыш-Ата» компаниясынын, ошондой эле 25-августта өтө турган Бишкек жана Чүй облусундагы командалар ортосунда өтө турган жолдоштук беттештерден чогулган акчалар менен каржыланат.

Кыз-келиндер курама командасы үй-жайсыз адамдар арасындагы дүйнө биринчилигине төртүнчү жолу катышып жатат. 2008-жылы Австралияда өткөн турнирде команда коло медалды жеңип алган — бул чемпионаттын тарыхындагы Кыргызстандын эң жогорку жетишкендиги.

Үй-жайсыз адамдар арасындагы футбол боюнча 2012-жылдагы чемпионатка эркектерден турган курама команда барбайт — федерация катышуудан баш тарткандыктарынын себептерин түшүндүргөн жок.

Дүйнө биринчилиги Мексикада

Дүйнө биринчилигинин оюндары Мексиканын борбору Мехиконун Конституция аянтында өтөт.

Мелдештин уюштуруучуларынын маалыматтары боюнча,  быйыл чемпионатта 68 команда катышат, алардын 14ү кыз-келиндерден турган командалар.

Үй-жайсыз кыз-келиндер арасындагы футболдук рейтингде Кыргызстан 21 өлкөнүн арасынан 13-орунда турат.

Көчө футболунун эрежеси боюнча, оюндар асфальт төшөлгөн жерлерде өткөрүлөт. Матчтардын узундугу 15 мүнөттөн, ар бир тайм жети жарым мүнөткө созулат.

Бул футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын онунчусу. Үй-жайсыз адамдардан турган командалардын алгачкы оюну 2003-жылы австриялык Грац шаарында өткөн — анда Австриянын курама командасы жеңүүчү болгон.

Башка курама командалардын арасында Италия алтын медалдарын саны боюнча лидер деп саналат.

Чемпионат Европалык футболдук ассоциация союзу (УЕФА) жана эл аралык көчө гезиттеринин тармактары тарабынан колдоого алынат.

Европалык футболдук ассоциация союзу мелдешти кармап туруу үчүн ассоциациянын мелдештериндеги – Чемпиондор лигасы, Европа лигасы жана Европа биринчилигиндеги – футбол клубдары жана курама командалар тарабынан айыптар үчүн төлөнгөн бардык каражатты бөлүп берет.

Уюштуруучулардын маалыматтары боюнча, мелдеш «дүйнө жүзүндөгү социалдык-бөтөнчөлүк» менен иш алып баруу, ошондой эле массалык футболду өнүктүрүү үчүн өткөрүлөт.

Автор: Бегайым Акбарова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков