Минск шаарында тартылып алынган сүрөттөгү Жаныш Бакиевдин жанындагы эки адам Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлөнүп жаткандар экендиги аныкталды

Ички иштер министрлиги Минск шаарында тартылып алынган сүрөттөгү Жаныш Бакиевге окшогон адамдын жанындагылар Медет Садыркуловду өлтүрүүгө күнөөлөнүп жаткан эки адам экендигин аныктады.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы «Говори правду» жарандык компаниясынын активисти Михаил Пашкевичтин Минск шаарынын борборунда Жаныш Бакиевге окшош адамды тартып алган сүрөттөрүн изилдеп чыкты.

Мекеме Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-жетекчиси Жаныш Бакиевди  анын мурунку кол алдында иштеген Рустам Сайдуев менен Тахир Рысалиевдер коштоп жүрүшкөндүктөрүн аныктады.

Алардын үчөө тең 2010-жылдын май айынан бери издөөдө жүрүшөт жана президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү жөнүндөгү иш боюнча негизги күнөөкөр катары өтүп жатышат.

ИИМден билдиришкендей, мекеме бир нече жолу Белоруссиянын укук коргоо органдарына издөөдө жүргөн адамдардын жайгашкан жерлери тууралуу сурам жөнөтүшкөн, бирок ар дайым ал адамдар тууралуу маалымат жок деген жооп алып келе жатышат.

Сүрөттөр интернет баракчасында пайда болгондон кийин Кыргызстан Белоруссиядан Жаныш Бакиевди кармап, өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

Азырынча кыргыз бийлигинин өтүнүчү тууралуу Белорус элчилигинин позициясы белгисиз.

Издөөдө жүргөндөрдүн сүрөттөрү

Жаныш Бакиевге окшогон адамды Белорус активисти Михаил Пашкевич сүрөткө тартып алган — сүрөттөр интернетте 17-августта пайда болгон.

Активист айткандай, ал Минск шаарындагы «Грюнвальд» деген кафенин жайкы аянтчасында отуруп Карл Маркс көчөсүнөн Кыргызстандын мурунку президентинин инисине окшогон адамды көргөн.

«Силердин жердештер көчөгө чыгып биздин маңдай жагыбызда туруп калышты. Минск шаарындагылар Бакиевдердин эки жылдан бери бул жакта экендигин билгендиктен ал окшош сыяктуу көрүндү», — деп жазат белорустук активист.

Пашкевич белорус чиновниктери Бакиевдердин өлкөдө жүргөндүгү тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жаткандыгын «Клоопко» айтып берди.

«Калктын калган бөлүгүн болсо өлкөнүн качкын диктаторлордун таштандысына айланып бара жаткандыгы кубандырбай эле», — дейт «Говори правду» компаниясынын активисти.

«Клоопко» Белоруссиянын Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиевдин өлкөгө киргендигин ырастап берүүдөн баш тартты, ал эми Мамлекеттик коопсуздук комитети түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатат.

Кыргызстандын фото-сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү жана «Photo.kg» сайтынын башкы редактору Владимир Ушаков интернетке жайгаштырылган сүрөттөр түпнускасы, жасалма эмес деп эсептейт.

«Бул фотомантаж эмес, же өтө эле кыйын бир адис аракет кылган», — дейт Ушаков.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган Минск шаарынын үч жашоочусу сүрөттө чын эле Белоруссиянын борборундагы Карл Маркс көчөсү көрсөтүлгөндүгүн ырасташты.

Алардын биринин айтымында, сүрөттүн бирөөсүнүн арткы көрүнүшүндөгү курулуш тепкичтери бир ай мурун пайда болгон.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Михаил Пашкевич