Параолимпиадалык оюндарга бара турган жалгыз кыргызстандык Лондонго машыктыруучусуз, бирок федерация президенти жана анын котормочусунун коштоосунда барат

Пауэрлифтер Эсен Калиев Лондондо өтө турган параолимпиадалык оюндарга өзүнүн машыктыруучусусуз, бирок Кыргызстандын Параолимпиада федерациясынын президенти Роман Өмүрбеков жана анын котормочусунун коштоосунда барат. Бул чечимге спортчунун өзү, ошондой эле 2008-жылдагы Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон балбан Руслан Түмөнбаев да нааразы.

Лондондогу Параолимпиадалык оюндарга Кыргызстандан үч адам барат, алардын бирөөсү гана – пауэрлифтер Эсен Калиев гана - мелдешке катышат.

Делегациянын калган эки мүчөсү – Паралимпиада федерациясынын президенти Роман Өмүрбеков жана анын Нургүл аттуу котормочусу - «Клооптун» кабарчылары анын фамилиясын тактап биле алган жок.

Калиев котормочунун ордуна анын машыктыруучусу Аднан Джабраиловду алса болмок деп эсептейт.

«Котормочунун эмне кереги бар? Ал жерде которуп бере турган волонтёрлор бар», – дейт ал.

«Азыр мен кантип барып келем, билбейм. Бул өтө көйгөйлүү маселе, мүмкүн менин алдыңкы тагдырымда биринчи же экинчи орунду алуу таргандыр», – деп спортчу сарысанаа болууда.

Бишкекте калган Калиевдин насаатчысы — эмгек сиңирген машыктыруучу Аднан Джабраилов — Параолимпиада федерациясынын чечими дүйнөдөгү эң ири майып-спортчулардын арасындагы оюндарда Калиевдин катышуусуна олуттуу таасирин тийгизет деп кооптонуп жатат.

«Элестетип көргүлөчү, таяныч-кыймылдаткыч аппараты бузулган спортчунун машыктыруучусу жок Параолимпиадалык оюндарга бара жатканын» — дейт ал.

Анын айтымында, Өмүрбеков өзү майып жана ал машыктыруучунун ордунда болуп, аны алмаштыра албайт.

«Роман Өмүрбеков өзү араң-араң эле көрүп, эки балдак менен жүрөт. Секичеге чыгарганда баланы даярдап, булчуңдарын ушалоого бир жарым, эки мүнөт гана берилет, анан ал кантип баланы секичеге чыгарат?» — деп Джабраилов нааразы болуп жатат.

2008-жылдагы Олимпиада оюндарында Кыргызстан үчүн коло медаль жеңип келген Руслан Түмөнбаев да машыктыруучу менен бир пикирде.

«Жеке машыктыруучусуз ал жерге баруу эч кандай деле пайда алып келбейт», — деди ал «Клооптун» кабарчысына.

«Жеке машыктыруучу ар дайым эмне кылып, кантип көтөрүү керектигин айтып турат. Кандай гана турнир, кандай гана мелдеш болбосун, спорттун бардык түрү боюнча спортчулар үчүн жеке машыктыруучу керек», — деп улантты балбан.

Калиев мындай жогорку деңгээлдеги мелдешке биринчи жолу катышат.

Ал пауэрлифтинг — штанга көтөрүү боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан чыгат. Параолимпиадалык оюндарда спорттун бул түрүн майып спортчулардын катышуусу үчүн штанганы жатып алып көтөрүү гана сунушталган.

Өмүрбеков түшүндүрмө берген жок

Роман Өмүрбеков Лондондо 29-августтан 9-сентябрга чейин өтө турган Параолимпиадалык оюндарга бара турган кыргыз делегациясы тууралуу сөзгө келгенде «Клооптун» кабарчыларына маек берүүдөн баш тартты.

Ал Лондонго өзүнүн котормочусу менен бирге бара тургандыгын ырастады.

Ага чейин — сөз жалпысынан пауэрлифтердин мелдештерге катышуусу жөнүндө болуп жатканда — Өмүрбеков Калиевдин 52 килограммга чейинки салмак категориясында алдынкы ондуктун ичине кире тургандыгына үмүтү бар экендигин айткан.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Байгазы Кенжебаев «Клооптун» кабарчылары менен маектешүү учурунда мекеме Параолимпиадалык оюдарга бара турган делегациянын башка курамын көргүсү келгендигин айтты.

«Биз албетте башкача болушун каалайбыз, бирок бизде мыйзамдар ушундай», — деди ал жергиликтүү Параолимпиадалык федерацияларынын иштерине мамлекеттин кийлигишүүсүнө уруксат бербеген Эл аралык параолимпиадалык комитетинин эрежелери жөнүндө айтып жатып.

«Бул маселе көтөрүлгөндө биз бир нече жолу Романды [Өмүрбековду] чакырып, машыктыруучуга орун берүү маселесин чечип бергибиз келген. Бирок Эл аралык параолимпиада комитети параолимпиада федерациясы менен гана сүйлөшө тургандыгын жана мамлекет буга кийлигишпеси керектигин билдирди», — дейт Кенжебаев «Клооптун» кабарчысына.

Кенжебаевдин айтымында, Өмүрбеков ал жерде котормочунун зарылдыгын «таразага тартып жатканда жана мелдештин жүрүшүндө которуп берүү» үчүн керек деп түшүндүргөн.

«Ал биздин республиканын федерациясынын президенти катары “менин тажрыйбам бар жана негизинен Калиев спорттун бул түрү боюнча белгилүү спортчу” дейт. Ошонтип ал биздин үч квотаны ушундай кылып бөлүштүргөн», — деди мамлекеттик агенттиктин директору.

«Жапайы картадан» ажыратты

Аднан Джабраиловдун айтымында, Кыргызстандын Параолимпиада федерациясы Лондонго «жапайы карта» (wild card) деп аталган орун алууга үмүттөнүшкөн — «жапайы карта»  бул тандап алуу мелдештеринде спортчулары бир дагы лицензия ала албай калган өлкөлөргө Эл аралык параолимпиада комитети тарабынган бериле турган орун.

Джабраилов айткандай, бирок Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча дүйнө биринчилигинде тогузунчу орунга ээ болуп, Лондонго лицензияны толук түрдө утуп алып, федерациянын пландарын бузуп койгон.

«Жапайы картага» ээ болгон учурда федерация оюндарга кимди алып барууну өзү чечмек.

«Өмүрбеков өзүнүн бардык досторуна [Лондонго] алып барам деп убада берип койгон.  А Калиев болсо лицензияны утуп алып бардыгынын планын бузду – лицензия болгон соң жапайы карта берилбейт», — деп машыктыруучу нааразы болууда.

Бирок Джабраилов Калиевдин Лондонго бара тургандыгына кубанычта. Кыргызстандык дагы бир пауэрлифтер  Жыргал Балбаков спорттук чиновниктердин бошоңдугунан улам лицензия ала албай калды, дейт машыктыруучу.

«16-майда Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кенжебаев Балбаков да лицензияга ээ болгон, бирок убагында төлөбөй коюшту деп Эл аралык параолимпиадалык комитетке жазган. Бирок кеч болуп калган», — деди Джабраилов «Клооптун» кабарчысына.

Кенжебаев бул маселелердин бардыгы Кыргызстандын Параолимпиада федерациясы аркылуу жүргүзүлгөндүгүн  жана анын мекемесинин эч тиешеси жок экендигин айтып, ишендирүүгө аракет кылды.

«Биз мамлекеттик агенттик тарабынан машыктыруучуга квотанын бөлүнүшү боюнча иштедик, ошондой эле Балбаковго кошумча лицензия берүүлөрүн сурадык. Бирок бул параолимпиадалык оюндар да, бул жерде бардыгы биздин өлкөдөгү Параолимпиада федерациясынын президентинин кол коюуусу менен ишке ашат. Ал президент болсо Роман [Өмүрбеков] болуп саналат», — деди ал.

«Мен машыктыруучунун [Джабраиловдун] да, Балбаковдун да барышын каалап атам», — деп кошумчалады мамлекеттик агенттиктин жетекчиси.

Биринчи жолу болбой эле

12-августта аяктаган Лондон Олимпиадасынан кийин «Дизель» веб-форумунда кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн сүрөттөрү пайда болгон — ага ылайык, Лондонго кыргыз делегациясынын курамында машыктыруучу катары аз дегенде эки спорттук чиновник барган.

Буга саясатчылардын да, интернет-колдонуучулардын да ачуулары келген. Алар ал сүрөттөрдөн кыргыз спортчуларынын начар жыйынтыктарынын себептерин көрүшкөн.

Депутат Игорь Гусаров болсо өлкөнүн бардык спорт жетекчилигин кызматтарынан кетирүүнү сунуштаган.

«Биз канчадан бери ошол эле тырмоолорду басып жатабыз, спортчулар барган сайын начар жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Албетте, эгер чиновниктер өз каражаттары менен барышпаса, аларды алып барган акчаларды спорттун өнүгүүсүнө, кайсы бир жабдууну сатып алууга жумшасак жакшы болмок», — деп билдирген Гусаров «АКИпресс» маалымат агенттигинин кабарчыларына.

Олимпиада жабылганына аз калганда Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Байгазы Кенжебаев мамлекет «татыктуу» жыйынтык көрөтүүгө толук шарттарды түзгөндүгүн айтып, бардыгына машыктыруучуларды күнөөлөгөн.

Өз кезегинде машыктыруучулар бир нече жолу мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде каражат бөлүнбөй жаткандыгын айтып даттанышкан.

Буга Параолимпиадалык оюндардын алдында Аднан Джабраилов да даттанып жатат.

«Бизди биргелешкен машыгуу жыйынына Орусияга чакырышкан, бирок [Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик] бизге эч нерсе берген жок», — дейт ал.

Муну менен катар ал Калиевдин оюндарга «жүз пайызга» даяр экендигине ишенет:

«Машыгууларына карап баа берсек, ал эң эле аз дегенде 155-160 килограммды көтөрүүсү керек. Кудай буюрса ал муну мелдеште да кайталайт».

Автор: Бектур Искендер жана Эльдос Казыбеков

Которгон: Илгиз Чалбараков