Куткаруучулар беш күндүк издөөлөрдөн кийин Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен баланын сөөгүн табышты

ӨКМдин кызматкерлери 19-августта Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Чүй облусунун Москва районундагы Беловодский айылынын жашоочусу Рыскулбек Ишембековдун сөөгүн табышты.

Суунун агымы 21 жаштагы баланын денесин чөккөн жерден 30 метрдей жерге чейин агызып кеткен - аны 23-августта түшкө жакын табышты, деп билдирди Аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары Кабылтай Дунганов.

Чөгүп кеткен баланын апасы Ильмира Алмамбетованын айтымында, ал улуу баласы болгон жана үй-бүлөгө жардам берчү.

«Биз аны тапкан кезде ал тирүү адамдай — чырайлуу болчу, чачтары шампунь менен жуугандай жылтылдап турган. Биз аны кечээ кечинде жерге бердик», — дейт Алмамбетова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ишембековдун туугандары, кошуналары менен бирге аны беш күн издешти — ал Чоң Чүй каналына түшүп жатып 19-августта чөгүп кеткен.

«Экөө бирге түшүп жатышкан, бир убакта эле иним башка жээкти көздөй сүзүп жөнөгөн. Анан ал да [Ишембеков] ошол жактан сүзгүсү келген — ортосуна чейин жеткенде чүгөп кетти», — деген 21-августта чөгүп кеткен баланын атасы Сапаргул Алмамбетов.

Бул акыркы беш айдын ичинде адамдардын Чоң Чүй каналынын суусуна түшүп жатып жоголуп кеткен экинчи окуя — 2012-жылдын апрелинде жети жаштагы бала апасы менен бирге канал жээктеп сейилдеп жүрүп жоголуп кеткен.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков