Кыргызстанда «Юниверсал» студиясынын тасмаларын көрсөтүү убактылуу токтотулду

Кыргыз кинотеатрлары бир айдын ичинде «Юниверсал» киностудиясынын экинчи тасмасын көрсөтүү токтотулгандыгын билдиришти. Тасмалар менен жабдып туруучу «Меломан» компаниясы «Юниверсал» менен түзүлгөн келишим аяктагандыктан көрсөтүү токтогондугун кабарлады.

«Синематика» кинотеатрлар тармагы менен «Россия» кинотеатры август айынын башталышынан бери «Третий лишний» жана «Эволюция Борна» тасмаларын көрсөтүүнү токтотушту.

Кинотеатрлардын жетекчилиги муну Казакстанда жайгашкан борбордук азиялык дистрибьюторлордун көйгөйлөрүнөн улам деп түшүндүрүп жатышат.

«Синематика» кинотеатрлар тармагынын маркетинг бөлүмүнүн кызматкери Асель Ибраеванын айтымында, аталган тасмалардын көрсөтүлүүсүнүн токтолушуна казакстандык жабдып туруучу компаниянын «Юниверсал Пикчерздин» тасмаларын алып келе албай калгындыгы себеп болгон.

Кыргызстанга кинотасмаларды алып келүү менен «Меломан» компаниясы алектенет.

Өзүнүн аты-жөнүн атагысы келбеген «Меломандын» маткетинг бөлүмүнүн кызматкери «Клоопко» берген маегинде билдиргендей, аталган көйгөй дистрибьютор менен «Юниверсал Пикчерз» келишимди кайра түзүп жаткандыктан пайда болгон.

Ал ошондой эле «Третий лишний» жана «Эволюция Борна» тасмалары Кыргызстан менен Казакстанда эң эле аз дегенде 2012-жылдын 1-сентябрына чейин көрсөтүлбөй тургандыгын кошумчалады.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине тасмаларды тарката турган «Юниверсал Пикчерздин» Орусиядагы өкүлчүлүгү түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Казакстандын маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, киностудиянын тасмалары Казакстанда эки айдан бери көрсөтүлбөй эле.

«Юниверсал Пикчерз» Голливуддагы ири алты киностудиянын бири болуп саналат, анын негизделгенине быйыл 100 жыл болду.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков