Москва: Учак «бузулуп калгандыктан» кыргызстандыктар бир күнгө аэропортто калышты

“Эйр Бишкек” авиакомпаниясынын учагы Москвадан Бишкекке үзгүлтүкүз каттам боюнча 22-августта учушу керек болчу, бирок учак “бузулуп калгандыктан” учпай калды. Кийинки учуу 23-августта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө пландалды.

Москва-Бишкек багыты боюнча ОИ 716 каттамынын жүргүнчүлөрү белгиленген убакта учуп кете алышкан жок, деп билдирет жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген «Эйр Бишкек» авиакомпаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү.

Ага учактын жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгүнүн алдынкы тирөөчүнүн кайрылыш системасындагы бузулуу себеп болгон.

«Бузулуу «Манас» аэропортунда эмес «Домодедоводо» болгондуктан ал жерге тиешелүү тетиктерди алып баруу бир нече убакытты талап кылат. Анткени тетиктер «Манас» аэропортунда», — деп жазат авиакомпания өзүнүн билдирмесинде.

Бөлүктөрдү орнотуу аяктайт, андан кийин учак Москва убактысы боюнча саат 15:00до (Бишкек убактысы боюнча 17:00дө) учат, деп билдирет «Эйр Бишкек».

«Азаттык» радиосунун Москвадагы кабарчысы Аида Касымалиева өзүнүн «Твиттер» микроблогдук платформасындагы эккаунтунда милиция кызматкерлери коркутту деп жүргүнчүлөр даттанышкандыгын жазган.

«Жүгүнчүлөрдүн айткандары боюнча, алар даттанып башташканда Өзгөчө багыттагы мобилдүү отряд менен коркутушкан. Эми болсо албетте жүргүнчүлөр күнөөлүү, чыдамсыз болуп, дүрбөлөң салгандыктары үчүн», — деп жазат Касымалиева.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы өзүнүн сайтында жүргүнчүлөргө шилтеме жасап, аэропортто адамдар «үшүп, тоңуп калышты» деп жазган.

Өз кезегинде «Эйр Бишкек» жүргүнчүлөргө ар алты саат сайын ысык тамак берилип жаткандыгын билдирди.

Бирок авиакомпания жүргүнчүлөрдү мейманканаларга жайгаштыра албай калгандыгын жана алар текшерүүдөн өткөндөн кийин тазартылган зонада күтүүгө туура келгендигин моюндарына алышты.

Автор: Анара Адылбек кызы

Которгон: Илгиз Чалбараков