Ош: Насыя төлөй албай митингке чыккан айымдар акцияларын сентябрдын башталышына чейин токтотушту

Насыяларын төлөй албай, кичи насыя бере турган компанияларды жоюууну талап кылып нааразычылык акциясына чыккандар шаардыктар 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн белгилеп алышсын деп, акцияларын убактылуу токтотушту — Оштун борбордук аянтында нааразычылык акциясынын катышуучуларынын боз үйлөрү тигилген. Кичи насыя берүүчү компаниялар аларга жеңилдиктерди берүүнүн жолдорун караштырып жатышат.

Ош шаарынын мэриясы митингке чыккандардан 31-август – эгемендүүлүк күнүнө карата шаардын башкы аянтынан боз үйлөрдү алууну өтүнгөн.

«Эми ал жерде иш-чара көп өтөт. Атайын сценарий да түзүлгөн. Шаар башчысы суранганда, булар деле түшүнүп макул дешкен», - деди Ош мэриясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Акциянын катышуучулары боз үйлөрдү чечип, ар кимиси өз-өз райондоруна таркап кетишти.

Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири Роза «Клоопко» берген маегинде билдиргендей, эгер кичи насыя берүүчү компаниялар алган насыларын жоюп же жеңилдиктерди бербесе митинг кайрадан сентябрдан баштап улана тургандыгын айтты.

«Азыр эми мэр дагы майрамдар бүткөнчө алып туруңуздар деп бизден суранды. Эгер 1-сентябрга чейин талаптарыбызды аткарбаса [кредиттик компаниялар] биз кайрадан боз үйлөрүбүздү тигебиз», - дейт Роза.

Нааразычылык акциясын уюштурган айымдардын лидери Жаңыл Балтабаева компаниялар күзүндө текшерүү ишин жүргүзүп, жеңилдиктерди берээрин айткан, дейт.

«Бул жердеги аялдар да кичине үйлөрүнө барып, дем алсын деп [...] Ар бир адамды [насыя алган] текшергенден кийин төлөө мөөнөтүн узартып беришет, өтө начар абалдагыларды жоюп беришет», - деди Балтабаева.

Ал ошондой эле нааразычылык акциялары Ош облусунун райондорунда да токтогондугун кошумчалады.

Кичи насыя берүүчү «Мөл Булак» компаниясынын аткаруучу директору Айнагүл Исамидинова насыя алгандарга жеңилдиктерди берүү маселеси каралып жаткандыгын ырастады.

Анын айтымында, нааразы болгондордун каттары менен кайрылууларын карап чыга турган атайын комиссия түзүлгөн.

«Мен арыз жазгандардын бардыгына тең жеңилдиктерди беребиз деп айта албайм. Алгач бардыгын карап, текшерип чыгыш керек, андан кийин гана чечим чыгарылат», — дейт Исамидинова.

Насыя төлөй албай жаткан айымдардын митинги Ош шаарынын борбордук аянтында бир айдан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясына чыккандардын талаптарынын арасында карыздарын кечүү жана Ош облусундагы кичи насыя бере турган компанияларды жоюуу талаптары бар.

Автор: Дастан Үмөтбай уулу

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков