УКМК «мародерлукту уюштурган» деген шек менен «Ата Мекендин» лидерлерин суракка алат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Ата Мекендин» лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкана Тологоновдорду суракка алганы жатат — алар 2010-жылдагы революция учурунда «мародерлукту» уюштурган деп шектелүүдө. Депутаттар болсо күнөөлүү эмес экендиктерин айтып жатышат.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы революция маалында качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин мүлкүн «уурдап алуу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду, деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан — атайын кызматтагылар «Ата Мекен» партиясынын төрт лидерин аталган кылмышка күнөөлөп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, мекеме «Ата Мекендин» лидерлери Өмүрбек Текебаевди, Болот Шерди, Туратбек Мадылбековду жана Райкан Төлөгөновду «жакынкы убакта» суракка алуу ниетинде.

Башкы прокуратура «Республика» фракциясынын депутаттары ачыкка чыгарган видеого таянып жатат – анда «танап-тоноочулуктун» камалган катышуучусу Абдулла Юсупов «атамекенчилердин» буйругу менен кылмыш кылгандыгын айтып берген.

УКМКнын басма сөз кызматынын кызматкери төрт кылмыш иши козголгондугун айтты, бирок кылмыш иши кайсы беренелер боюнча жана кайсыл күнү козголгондугун билдирген жок.

Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштери боюнча маалыматтарга ээ эмес, деп билдирди өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органынын басма сөз кызматы. Алар бул маселе боюнча УКМКга кайрылууну сунуштады.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы атайын кызматтагылардын сурагы 24-августта болот, деп жазган — бирок УКМК бул маалыматты четке какты — мекеме кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга жетишкен эмес.

Депутат Туратбек Мадылбековдун айтымында, Башкы прокуратура тергөө Юсуповдун көрсөтмөсүн ийне-жибине чейин изилдеп чыксын деп, кылмыш ишин козгогондугун айтты.

«Биз Юсуповго ишенип калган фракциянын депутаттары менен Бабановго анын айткандарынын бардыгы калп экендигин далилдеш үчүн өзүбүз кылмыш ишинин козголушун сурандык», — дейт Мадылбеков.

Текебаев, Шер жана Төлөгөновдор түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп жатышат.

Буга чейин, 21-августта алар өздөрүнүн фракция жыйынында 2010-жылы революция маалындагы «талап-тоноочулукка» эч тиешелери жок экендиктерин айтышкан.

Юсуповдун көрсөтмөсү

«Республика» партиясынын мөчүлөрү камакта жаткан Юсуповдун көрсөтмөсүн 15-августта өткөн фракциянын кезексиз жыйынында элге жарыялаган. Буга чейин 13-августта «атамекенчилер» «Республиканын» лидери, премьер-министр Өмүрбек Бабановду «коррупцияга» күнөөлөшкөн.

«Атамекенчилердин» версиясы боюнча, «Серка» түркиялык компаниясынын башчысы Хункар Адали «Манас» аэропортуна 12 миллион долларлык аэронавигациялык мунара куруугу буйрутма алуу үчүн Бабановго 1 миллион АКШ долларына бааланган жылкы белек кылган.

Премьер-министр «пара алуу» тууралуу маалыматты четке кагып, ал аргымакты 20 миң АКШ долларына сатып алгандыгын билдирди. Ал «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге аргымакты ошол эле баага сатып алып, аны кайра 1 миллион долларга сатып көрүүсүн сунуштаган.

«Республика» фракциясынын депутаттары «Ата Мекендин» лидерлерин Бакиевдердин мүлктөрүн «уурдоого» тиешелери бар деп күнөөлөгөн Юсуповдун сүйлөгөн видеосун көрсөтүшкөн.

«Республиканын» депутаттары анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде Башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков