Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан жети адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда «Мерседес» жана «Ниссан» үлгүсүндөгү эки унаа сүзүштү. Кырсыктын жыйынтыгында жети адам каза болуп, үчөө облустук ооруканага жеткирилди. Милициянын версиясы боюнча, «Мерседес» унаасынын айдоочусу мас абалында болгон.

Кырсык 26-август күнү кечинде Бишкек-Ош унаа жолунун 638-чакырымында болгон — унаа кырсыгында «Мерседестин» төрт жүргүнчүсү жана «Ниссандын» үч жүргүнчүсү каза болгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын версиясы боюнча, «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгон.

«Техникалык экспертизанын жыйынтыгын алдын ала айта албайм. «Мерседес» капталдык жолдон чыга калып борбордук трассада кетип бара жаткан «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн», — деди Ош облустук ИИБсинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Жабыр таркандар Ош облустук ооруканасына жеткирилди.

Оорукананын реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Сабыр Маманов «Клоопко» берген маегинде аларга тирүү калган үчөөнү — эки баласы менен атасы алынып келгендигин айтты.

«Атасы менен кызынын абалы өтө начар. Кызынын буту сынып, баш сөөгү жабыркаган. Баласынын колу сынган», — деди даарыгер.

Унаа кырсыгы фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, деп билдирди Ош облустук ИИБси.

Автор: Дастан Үмөтбай уулу

Которгон: Илгиз Чалбараков