Депутат Бакир уулунун баласы «пара талап кылууга» шектелип жатат

Башкы прокуратура депутат Турсунбай Бакир уулунун баласы Каныбек Бакировго кылмыш ишин козгоду. Бакиров Ош облусунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштегенал бир адамды «сабаган» жана 2 миң АКШ долларын пара катары алган деп шектелип жатат.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аларга карата 2011-жылы «тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларын колдонгондуктары» үчүн кылмыш ишин козготпош үчүн тергөөчү Бакировго 2 миң АКШ долларын жана 5 миң сом беришкен, деп жазат Ички иштер министрлиги өз сайтында.

Ошондой эле мекеме депутаттын баласын өнөктөшү менен 2004-жылы Ош облусунун жашоочусун «сабаган» деп шекшип жатат.

Милиция Бакировдун өнөктөшүн өткөн жылы колго түшүргөн. Ал эми Бакир уулунун баласынын кылмышка тиешеси бардыгы азыр гана аныкталды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Министрликтин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнист Осмонбаев түшүндүргөндөй, кылмыш кылган мезгилде Бакировдун фамилиясы башкача болгондуктан ага карата кылмыш иштери азыр гана козголду.

«Бакировдун фамилиясы буга чейин чындыгында эле башкача болгондугу аныкталганда шектелип жаткан адам ошол экендиги билинди», — деп маалымдады Осмонбаев.

Депутат Бакир уулу менен анын баласы түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болууда.

Кылмыш иштерин Башкы прокуратура иликтеп жатат — башкы прокуратуранын басма сөз кызматы азырынча түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз.

Бакировдун кармалышы

Депутаттын уулу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын милиция кызматкерлерин «кыйноого алган» деп күнөөлөгөндөн кийин Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин козгогон.

Бул факт боюнча Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон.

ИИМдин версиясы боюнча, милиция кызматкерлери Бакировдун унаасы издөөдө жүргөн унаага окшош болгондуктан анын документин текшергенге аракет кылышкан. Бирок депутаттын уулу каршылык көрсөтүп, аларды «сабап салган».

Андан кийин ШИИБнин кызматкерлери аны камап, милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Парламент депутаты Бакир уулунун версиясы боюнча, милиция кызматкерлери анын баласын «кыйноого алып», «тоношкон».

«Баткендин начар жолдорунан анын унаасы бузулуп калган. Ошол жерден 4 милиция кызматкери келип, аны сабап салышкан. Унаадан ири көлөмдөгү акчаны алышкан, өзүн болсо милиция бөлүмүнө алып барышып, башына баштык кийгизип кыйнашкан», — деп жазат Бакир уулу өзүнүн микроблогдук «Твиттер» платформасындагы баракчасында.

ИИМдин басма сөз кызматы депутаттын милиция кызматкерлеринин дарегине айткан күнөөлөөлөрдүн бардыгын четке какты.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков