Парламенттеги жаңы коалицияны КСДП фракциясы түзөт

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев парламентте жаңы башкаруучу коалицины түзүү укугун КСДП фракциясына берди. Буга чейинки альяныс бир жума мурун таркаган.

17-сентябрга чейин Кыргызстандын социал-демократтар партиясы жаңы башкаруучу коалицияны түзүп, жаңы өкмөттөгү премьер-министрдин ордуна талапкерди сунушташы керек, деп билдирет президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов өзүнүн “Твиттердеги” микроблогунда.

«КСДП фракциясы 2012-жылдын 17-сентябрынан кеч эмес премьер-министрлик орунга талапкерди сунуштап, өкмөттүн жаңы курамынын бекилишин камсыз кылышы керек», - деп жазат  анда Токтогулов.

Социал-демократ Жусупали Исаев жаңы коалициянын курамына «Ата Мекен», «Ар-Намыс» жана КСДП фракциялары кирет деп эсептейт.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков Коомдук биринчи каналга берген маегинде коалицияга КСДП, «Ата Мекен», «Ар-Намыс», ошондой эле «Ата-Журт» жана «Республика» фракцияларынын депутаттарынын бир бөлүгү кириши мүмкүн, деп билдирген.

Ал ошондой эле парламенте фракциялар арасында бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалаган.

Курамына КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген коалиция 22-августта таркаган.

Анын таркашы отставкага кеткен премьер-министр жетектеген «Республика» жана «Ата Мекен» партияларынын ортосундагы кайым айтышуу менен коштолду.

«Ата Мекен» Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган деп күнөөлөгөн — бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, кымбат бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген имиш.

«Республика» жооп катары «Ата Мекендин» лидерлерин 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бишкек шаарындагы талап-тоноочулукту уюштурууга тиешеси бар деп күнөөлөгөн.

Президент 24-августта өкмөттү отставкага кетирди.

Таркаган «Биримдик» парламенттик коалициясы 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, анын курамына «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары кирген.

Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдан бери үчүнчү коалициянын таркашы. Курамына КСДП, «Республика» жана «Ата-Мекен» кирген биринчи коалиция эки гана күн иштеген.

«Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракцияларынан турган экинчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин – 2011-жылдын аягында таркаган.

КСДП үчүнчү жолу парламенттик коалицияны түзгөнү жатат. Президент Атамбаев анын мурунку лидери болуп эсептелинет — ал КСДПнын курамынан өлкө башчысына кайсы бир партиянын мүчөсү болууга мүмкүндүк бербеген мыйзам нормасына ылайык чыккан.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Карина Жолдошева

Которгон: Илгиз Чалбараков