Жаныш Бакиевге окшогон адамды сүрөткө тартып алгандыгы үчүн белорус активистин «коркутуп» жатышат

Минск шаарында Жаныш Бакиевге окшогон адамды сүрөткө тартып алган белорус активисти Михаил Пашкевич «Сизге Бакиев мырзадан салам» деген жазуусу бар кат алды.

24-август күнү кечинде Пашкевич өзүнүн «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчасына «Михаил, сизге Бакиев мырзадан салам» деген жазуусу бар кат алгандыгын жазган.

Катты белгисиз адам Минск шаарындагы кафелердин биринен официант аркылуу берип жиберген.

«Биз отургандан кийин бир-эки мүнөт өткөндө официант кыз келип: Михаил деген сизби? Сизге кат - деди. Мен: кимден? – деп сурасам ал: бир нече мүнөт мурун кафенин жайкы отура турган жайына бир киши келип отуруп, бир нерсе жазып берип коюуумду өтүнүп, кетип калды, - деп жооп берди», — деп жазат активист.

Пашкевич кат алгандан кийин аны эки унаа аңдып жүргөндүгүн, бирок номурларын эстеп кала албай калгандыгын да жазган.

Албетте биз билбеген эки сакчысы менен унаа. Эки жерде бизди аңдып жүрдү…», — деп жазат блоггер өзүнүн баракчасында.

Каардуу тамашабы?

Белорус активисти баракчасына жайгаштырган сүрөт жана жиберилген кат тууралуу «Фэйсбуктун» колдонуучулары түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.

Кайсы бири катты Пашкевичтин тааныштарынын каалаганы кыла ала турган троллинг — каардуу тамашасы катары эсептешти.

«Бул кимдир бирөөнүн троллинги болушу мүмкүн. Мен азыр Бакиевдин сен жөнүндө ойлоого убактысы жок деп ойлойм. Ал азыр Кыргызстан менен бир нерсе алмашуудан көрө өзүн сактап калышы керек», — деп жазат Марк Бернштейн аттуу колдонуучу комментарийлерде.

Башка колдонуучулар Пашкевич үчүн кабатырланып башташты:

«Миша, мен сенин ордуңда болсом качып кетмекмин, жана мүмкүн болушуна жалгыз эмес [...] мүмкүн тамаша да болушу мүмкүн. Бирок бир нерсе болсо биздин укук коргоо органдарыбыз ага коопсуздук боюнча так кепилдик бербейт», — деп жазат белорустук укук коргоочу Таццяна Рэвяка.

«Миша, менин пикиримде, маалыматты басып чыгаруу үчүн журналисттерге берүүң керек. Андан кийин милицияга арыз жазып, жалгыз жүрүүнү азайтуу зарыл», — деп жазат Андрей Стрижак атуу колдонуучу.

Пашкевичтин өзү болсо муну тамаша деп эсептебейт — ал кат берилген кафе кокустан тандалып алынгандыгын жана ага чейин аларды аңдып жүрүүлөрү мүмкүн болгондугун айтып жатат.

«Бул жөн гана кокустуктан тандалып алынган кафе болчу. Биз ал жерге унаа менен келгенбиз. Катты биз отурган соң бир нече мүнөттөн кийин берип жиберишти. Бул алардын биздин артыбыздан бүткүл шаар бою аңдып келгендигин билдирет», — деп жазат активист.

Ал болжолдоп жаткандай, кат менен Белорус президентинин алдындагы Мамлекеттик коопсуздук комитети коркутуп жатышы мүмкүн — өлкө башчысы Александр Лукашенко Кыргызстандын качып кеткен президенти Курманбек Бакиевге 2010-жылдагы революциядан кийин өлкөсүндө баш калкалоого уруксат берген.

Бакиевдин сүрөтү

Пашкевич Жаныш Бакиевге окшогон адамдын сүрөтүн өзүнүн «Фэйсбук» социалдык тармагындагы баракчасына 17-августта жайгаштырган.

«Силердин жердештер көчөгө чыгып биздин маңдай жагыбызда туруп калышты. Минск шаарындагылар Бакиевдердин эки жылдан бери бул жакта экендигин билгендиктен ал окшош сыяктуу көрүндү», — дейт Пашкевич «Клоопко» жазуу түрүндө берген маегинде.

Сүрөттө Жаныш Бакиев деп болжолдонуп жаткан адамдын жанында дагы эки адам болгон — Кыргызстандын Ички иштер министрлиги алар да издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевдин мурунку кол алдында иштеген адамдар экендигин аныктады.

«Клооп» тарабынан сурамжыланган Минск шаарынын үч жашоочусу сүрөттө чын эле Белоруссиянын борборундагы Карл Маркс көчөсү көрсөтүлгөндүгүн ырасташты.

Алардын биринин айтымында, сүрөттүн бирөөсүнүн арткы көрүнүшүндөгү курулуш тепкичтери бир ай мурун пайда болгон.

Издөөдө

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ушул мезгилге чейин Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысынын кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп келген.

2010-жылдын май айынан бери Жаныш Бакиев мурунку президенттин уулу Максим Бакиев менен бирге Интерполдун багыты боюнча жана Коңшулаш мамлекеттердин шериктештигинин аймагында эл аралык издөөдө жүрөт.

Жаныш Бакиев кыргыз бийлиги тарабынан 86 адам каза болгон 7-апрель учурунда элге ок аттырган деп күнөөлөнүп жатат. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын негизгиси болуп эсептелинет.

Мурунку президент болсо ошол мезгилден бери Белоруссияда, 2010-жылдын августунда ал өлкөнүн жарандыгын алган. Белоруссиянын жетекчилиги Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат.

«Кара тизме»

Жаныш Бакиев 2010-жылдын майында Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.

2012-жылдын февралында Интерпол Жаныш Бакиевди «кара тизмеге» киргизгендигин  Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Шамил Атаханов билдирген. Интерполдун «кара тизмесине» оор кылмыш кылган, коркунучтуу кылмышкерлер киргизилет.

Интерполдун баасы боюнча, «кара тизме» - камакка алуу үчүн жиберилген сурамдардын камакка алууга «баарынан да көбүрөөк жакындаткан» сегиз түрүнүн бири болуп саналат.

Атахановдун айтымында, Жаныш Бакиев ал тизмеге Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жаңы ачылган кырдаалдардан улам киргизилген. Мындан кийин атайын кызматтагылар Белоруссиянын укук коргоо органдарына сурам жиберген.

«Январда Белоруссиянын Улуттук коопсуздук комитетине эки сурам жөнөтүлгөн, бирок эч кандай жооп келген жок. Ошондой эле башка өлкөлөргө жиберилген сурамдар боюнча да жооптор алынган эмес», — деген УКМКнын төрагасы февраль айында депутаттардын алдында сүйлөп жатып.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Жаныш Бакиев 2010-жылдагы революция маалындагы жана ошол эле жылдын июнундагы улут аралык кагылыштагы кылмыштар үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган 17 кишинин тизмесинин башында турат.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Илгиз Чалбараков